USAID Баткендеги жер которгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү үчүн 8 млн сом каражат бөлдү

USAID Баткендеги жер которгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү үчүн 8 млн сом каражат бөлдү

USAID Баткендеги жер которгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү үчүн 8 млн сомдон ашык акча бөлдү. Бул тууралуу АКШнын КРдагы Элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) бөлүп берген каражат (100 миң АКШ доллары) Баткен облусунда жер которгон 400дөй үй-бүлөгө берилет.

Бул каражаттар Баткен облусундагы чек ара кагылышууларынан жапа чеккен кыргызстандыктардын шашылыш гуманитардык муктаждыктарын канааттандырууга багытталат. 

Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай Коомдор Федерациясы бул көп максаттуу акчалай жардамды жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн таратат.

«Бул каржылоо Америка элинен КРнын элине колдоо болуп саналат. Биз Баткендеги жүздөгөн үй-бүлөлөр дуушар болгон кыйынчылыктарды жеңилдетүүгө жардам берген эл аралык гуманитардык аракеттерге өз салымыбызды кошуп жатабыз”, – деди АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

Буга чейин USAID ЮНИСЕФ жана Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому аркылуу 1000 гигиеналык комплектилерин да берген болчу. Ал комплектилер 5 миң адамдын, анын ичинде Баткен облусундагы 2 миң баланын муктаждыктарын канааттандырууга жардам берди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте автокраны оодарылган компанияга 200 миң сом айып салынды

Бишкекте автокраны оодарылган компанияга 200 миң сом айып салынды

Бүгүн Бишкек шаарынын Арстанбек Дүйшеев көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайдын курулуш аянтчасында жүк көтөрүүчү автокран оодарылып кетти. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, окуя тууралуу кабар түшөрү менен министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан ыкчам текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында

Мамлекеттик кызматтагы кадр саясаты боюнча аткарылган иштер талкууланды

Мамлекеттик кызматтагы кадр саясаты боюнча аткарылган иштер талкууланды

Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарды. Аталган мамлекеттик агенттиктен билдиришкендей, жыйында мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өнүктүрүү, кадр саясаты, санариптештирүү, тестирлөө, ошондой эле "Санарип аймак" жана e-Kyzmat системаларын ишке ашыруу боюнча аткарылган

Баткендеги бир катар көпүрөлөр оңдолот

Баткендеги бир катар көпүрөлөр оңдолот

Баткен шаарындагы Курук-Сайдагы көпүрөлөр оңдолот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин Баткен шаарына болгон иш сапарынын алкагында Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен өткөн жолугушууда айтылды. Маалыматка ылайык, жолугушууда шаардагы сел коркунучу бар аймактардын учурдагы абалы талкууланып, өзгөчө сел өтүүчү Курук-Сайдагы көпүрөлөрдүн

Сузактын Кара-Булак айылында 99 млн сомго жаңы мектеп курулду

Сузактын Кара-Булак айылында 99 млн сомго жаңы мектеп курулду

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Булак айылында 150 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады. Объект Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, анын жалпы наркы 99 миллион сомду түздү. Курулуш иштери 2025-жылы башталган. Учурда эки кабаттуу мектеп имараты толугу менен бүткөрүлүп, айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Долбоорго