Кувейт мамлекети берген 174 млн сомго Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы бөлүмү ачылды

Кувейт мамлекети берген 174 млн сомго Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы бөлүмү ачылды

Кувейт мамлекети жана «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмесинин каржылык колдоосу менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун отоларингология жана офтальмология бөлүмдөрү негизделген жаңы имаратынын ачылышы болду. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Оорукананын ачылыш аземине катышкан министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кувейт мамлекетине жана «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмесине жаңы имараттын курулушу үчүн ыраазычылык билдирди. 

Бөлүмдөр заманбап жабдуулар менен жабдылган жана эл аралык стандарттарга жооп берет.

Акылбек Жапаров белгилегендей, буга чейин “Ас-Сафа борбору”  коомдук бирикмеси тарабынан Улуттук борбордо диагностикалык клиника, кан оорулары жана трансплантация бөлүмү, балдар онкологиясы жана гематология бөлүмү курулган.


Отоларингология жана офтальмология бөлүмдөрү жайгашкан аянты 3293 чарчы метр болгон 5 кабаттуу имаратты курууга жана жабдууга «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси тарабынан 174.5 млн сом бөлүнгөн. 

Мындан тышкары,  уюм Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун аймагында сметалык наркы 120 млн сомдук 3 кабаттуу имараттын курулушун бүткөрүүгө даяр экендигин тастыктады.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан PPR ылаңына каршы 1,5 млн доза вакцина алды

Кыргызстан PPR ылаңына каршы 1,5 млн доза вакцина алды

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) менен кызматташтыктын алкагында майда мүйүздүү малдын кыргын ылаңына (PPR) каршы 1,5 миллион доза вакцина алды. Бул тууралуу Айыл Чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, вакцина партиясын ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдиев тапшырды. Вакцина Танзаниядагы Hester

Ишкер Media
Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды

Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды

17-октябрда Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды. Унаалар Чүй облусундагы саламаттык сактоо уюмдарына берилет. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Жаңы техникалар чакырууларга ыкчам жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана жергиликтүү тургундар үчүн кечиктирилгис медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга өбөлгө түзөт. Министрликтен билдиришкендей, унааларды тапшыруу ата мекендик саламаттык сактоону

Ишкер Media
Жээнбек Кулубаев Самаркандда өтө турган"С5+1" жыйынына катышат

Жээнбек Кулубаев Самаркандда өтө турган"С5+1" жыйынына катышат

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2026-жылдын 19-октябрында Өзбекстандын Самарканд шаарында өтө турган "С5+1" форматындагы министрлер жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, иш-чарага Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери жана АКШнын Мамлекеттик катчысы катышары күтүлүүдө. Жолугушууда аймактык жана эл

Ишкер Media
Бишкекте ак илбирсти сактоого арналган Snow Leopard Run марафону өттү

Бишкекте ак илбирсти сактоого арналган Snow Leopard Run марафону өттү

Бүгүн Бишкекте ак илбирсти жана анын табигый жашоо чөйрөсүн сактоого колдоо көрсөтүүгө багытталган Bishkek Snow Leopard Run 2026 эл аралык чуркоо жарышы өттү. Иш-чарага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген чуркоочулар, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Катышуучулар 5, 14, 21,1 жана 42,2 чакырым аралыкта

Ишкер Media