Евробиримдик Баткендин жабыркаган тургундарына 210 миң евро берет

Евробиримдик Баткендин жабыркаган тургундарына 210 миң евро берет

Сентябрдын ортосунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылыштан жапа чеккен жарандарды колдоо үчүн Европа Биримдиги (ЕБ) 210 миң евродон ашык каражат бөлдү. Бул тууралуу ЕБдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Евробиримдиктин каржылоосу Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай Коому (КР КЖУК) аркылуу жабыр тарткан үй-бүлөлөргө, өзгөчө үй-жайынан айрылгандарга акчалай жөлөкпулдарды бөлүштүрүүгө багытталууда. Мындан тышкары, ден соолукту жана гигиенаны чыңдоо иш-чаралары, гигиеналык каражаттар жана психологиялык колдоо да көрсөтүлмөкчү.


Евробиримдик гуманитардык жардам боюнча дүйнөдөгү алдыңкы донор болуп саналат. Жардам дүйнө жүзү боюнча муктаж адамдарга карата Европа тилектештиктигинин мисалы болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан PPR ылаңына каршы 1,5 млн доза вакцина алды

Кыргызстан PPR ылаңына каршы 1,5 млн доза вакцина алды

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) менен кызматташтыктын алкагында майда мүйүздүү малдын кыргын ылаңына (PPR) каршы 1,5 миллион доза вакцина алды. Бул тууралуу Айыл Чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, вакцина партиясын ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдиев тапшырды. Вакцина Танзаниядагы Hester

Ишкер Media
Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды

Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды

17-октябрда Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды. Унаалар Чүй облусундагы саламаттык сактоо уюмдарына берилет. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Жаңы техникалар чакырууларга ыкчам жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана жергиликтүү тургундар үчүн кечиктирилгис медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга өбөлгө түзөт. Министрликтен билдиришкендей, унааларды тапшыруу ата мекендик саламаттык сактоону

Ишкер Media
Жээнбек Кулубаев Самаркандда өтө турган"С5+1" жыйынына катышат

Жээнбек Кулубаев Самаркандда өтө турган"С5+1" жыйынына катышат

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2026-жылдын 19-октябрында Өзбекстандын Самарканд шаарында өтө турган "С5+1" форматындагы министрлер жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, иш-чарага Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери жана АКШнын Мамлекеттик катчысы катышары күтүлүүдө. Жолугушууда аймактык жана эл

Ишкер Media
Бишкекте ак илбирсти сактоого арналган Snow Leopard Run марафону өттү

Бишкекте ак илбирсти сактоого арналган Snow Leopard Run марафону өттү

Бүгүн Бишкекте ак илбирсти жана анын табигый жашоо чөйрөсүн сактоого колдоо көрсөтүүгө багытталган Bishkek Snow Leopard Run 2026 эл аралык чуркоо жарышы өттү. Иш-чарага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген чуркоочулар, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Катышуучулар 5, 14, 21,1 жана 42,2 чакырым аралыкта

Ишкер Media