Сүт өндүрүүчүлөргө пайызсыз 9.6 млн доллар бөлүнөт

Сүт өндүрүүчүлөргө пайызсыз 9.6 млн доллар бөлүнөт
Photo by Mihail Macri / Unsplash

Финансы министрлиги сүт өндүрүүчү зайымчы топтордун мүчөлөрүнө  ортоктош жоопкерчилик принциптеринин негизинде пайызсыз жана күрөөсүз каржылоого 9.6 млн долларын бөлүп берет. Бул тууралуу мекеме кабарлады.

Маалыматка ылайык, каржылануучу фермерлер, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарындагы сүт өндүрүүчү зайымчы топтордун мүчөлөрү.

Эске салсак, 2023-жылдын 26-майына жалпысынан 100.6 млн сом суммасында 774 займчы каржыланган, анын ичинде:

• Ысык-Көл облусу боюнча 274 займчы менен 35.6 млн сомго 40 келишим түзүлгөн;

• Нарын облусу боюнча 261 займчы менен 33.9 млн сомго 46 келишим түзүлгөн;

• Талас облусу боюнча 239 займчы менен 31 млн сомго 42 келишим түзүлгөн.

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 2023-2026-жылдар аралыгына белгиленип, ага ылайык 6 400 субъектти каржылоо пландаштырылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жаңы курулган 2 фонтандын ачылышы өттү

Бишкекте жаңы курулган 2 фонтандын ачылышы өттү

31-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда "Алтын балыктар" фонтаны жаңыланып ачылып, Киев жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде эки жаңы фонтандын ачылыш аземи болуп өттү. Мэриядан маалымдагандай, алардын бири имараттын алдында, экинчиси сквердин аймагында жайгашкан. Иш-чаранын жүрүшүндө Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын жана Муниципалдык инспекциянын кызматтык милдеттерин

Ишкер Media
Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media