Экологиялык таза жылытуу: 6% менен 5 жылга чейин насыя берилет

Экологиялык таза жылытуу: 6% менен 5 жылга чейин насыя берилет

Бишкек шаары жана Чүй облусунда жеке менчик үйлөрдүн ээлерине экологиялык таза жылытуу системаларын орнотуу үчүн жеңилдетилген насыя берүү уланууда. Бул тууралуу Финансы министрлигинин долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жарандар жылуулук насосторун жана энергияны үнөмдөөчү башка жабдууларды сатып алып, орнотууга жылдык 6% менен беш жылга чейин 1 млн сомго чейин насыя ала алышат.

Каржылоо "АБанк", "Элдик Банк" жана "Бакай Банк" аркылуу жүргүзүлөт. Долбоор жеке сектордо көмүр жагуудан чыккан зыяндуу заттарды азайтып, абанын сапатын жакшыртууга багытталган.

Маалыматка ылайык, бул боюнча Маевка айылында тургундар үчүн маалыматтык жолугушуу өткөн. Ага Бишкектин Биринчи май районундагы 15тен ашык конуштун, анын ичинде "Ак-Босого", "Калыс-Ордо", "Көлмө", "Мурас-Ордо", "Тынчтык", "Аска-Таш" жана башка аймактардын жашоочулары катышкан.

Белгиленгендей, маалыматтык жыйындар "Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу" долбоорунун алкагында башка райондордо да өтөт.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөт

Кочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөт

10-октябрда Кочкор темир жол бекетинде алгачкы жолу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын вагондоруна көмүр жүктөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, жүктөлгөн көмүр Бишкек шаарынын ЖЭБине жөнөтүлөт. Жүктөө иштери Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылындагы көмүр аянтчасында жүрүүдө. Ташуу үчүн жалпы сыйымдуулугу 1 000 тонна болгон

Ишкер Media
Бишкекте жол куруу үчүн аймактарды бошотуу уланып жатат

Бишкекте жол куруу үчүн аймактарды бошотуу уланып жатат

Бишкек шаарында инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан жол курууга жана жолдорду кеңейтүүгө тоскоолдук жараткан объектилерди демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, Чыгыш айланма жолду куруунун алкагында төмөнкү объектилер демонтаждалды: * “Шнос” май куюучу жайы — 2 000 чарчы метр жер тилкеси бошотулду; * Өндүрүштүк жана техникалык тейлөө

Ишкер Media
“Коопсуз өлкө”: Кыргызстанда 20 миңден ашык видеобайкоо камералары орнотулууда

“Коопсуз өлкө”: Кыргызстанда 20 миңден ашык видеобайкоо камералары орнотулууда

Кыргызстанда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштарды жана укук бузууларды ыкчам аныктоо, ошондой эле жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө максатында заманбап технологияларды колдонуу кеңейтилүүдө. Азыркы тапта “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында өлкө боюнча 20 миңден ашык видеобайкоо камерасын орнотуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка

Ишкер Media
Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media