Ишкер аялдар Кепилдик фонддун колдоосу менен 16 млрд сомдон ашык насыя алышты
Кепилдик фонд түзүлгөн 2016-жылдын июнь айынан тартып 2026-жылдын 25-ноябрына карата ишкер аялдарга жалпы суммасы 5,03 млрд сомдон ашкан 5 478 кепилдик берилген. Бул кепилдиктердин негизинде 16,04 млрд сомдон ашык насыялык каражат тартылган. Бул тууралуу “Кепилдик фонд” ААКнан маалымдашты.
Билдирүүгө караганда, фонд түзүлгөн күндөн тартып аялдардын ишкердигин колдоо артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Анын максаты аялдардын банктык каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтип, жаңы бизнес-долбоорлорду ишке ашырууга жана иштеп жаткан ишканаларды өнүктүрүүгө багытталат.
2026-жылдын январь-октябрь айларында аялдардын ишкердигин колдоо максатында фонд жалпы суммасы 1,13 млрд сом болгон 609 кепилдик берген. Анын натыйжасында ишкерлер 4,06 млрд сом насыялык каражат тартууга мүмкүнчүлүк алышкан. Бул мезгилде аялдардын ишкердигине берилген кепилдиктер фонддун жалпы кепилдиктеринин санынын 37%ын, ал эми жалпы суммасынын 27%ын түзгөн.
Ишкер айымдар азыркы учурда Кыргызстандын бардык аймактарында - айыл чарба, өнөр жай, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, соода жана кызмат көрсөтүү ж.б. тармактарда иш жүргүзүп келишет.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу