Социалдык контракт: Биринчи май районунда 22 үй-бүлөгө 150 миң сомдон берилди

Социалдык контракт: Биринчи май районунда 22 үй-бүлөгө 150 миң сомдон берилди

Биринчи май районунун муниципалдык администрациясында социалдык контракт боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү.

Райондук администрациядан билдиришкендей, жыл башынан бери социалдык контракт боюнча 38 арыз түшкөн. Анын ичинен 22 үй-бүлөгө 150 миң сомдон каражат бөлүнгөн.

Мындан тышкары, 8 арыз кайра кароого калтырылып, дагы 8 арыз талаптарга жооп бербегендигине байланыштуу четке кагылган.

2026-жылга Биринчи май району боюнча социалдык контракттын алкагында 33 квота каралган.

Белгилей кетсек, социалдык контракт боюнча иштер Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 токтомунун негизинде жүргүзүлүүдө.

Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, “Социалдык контракт” аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого, туруктуу киреше булактарын түзүүгө багытталган. Контракт түзгөндөр өз ишин ачуу же өнүктүрүү үчүн каржылык жардам алышат.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Миграция жаатындагы бир катар функциялар Эмгек министрлигине өткөрүлөт

Миграция жаатындагы бир катар функциялар Эмгек министрлигине өткөрүлөт

Президенти Садыр Жапаров миграция чөйрөсүндөгү айрым функцияларды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине өткөрүп берүү жөнүндө Жарлыкка кол койду. Жарлык миграция чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун бирдиктүү системасын түзүү, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өлкөгө кирүүсүн, жүрүүсүн, жашоосун, эмгек ишин, каттоосун жана эсепке алынышын жөнгө салууну өркүндөтүү максатында кабыл алынган.

Ишкер Media
Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган төрт жаранга айып пул салынды

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган төрт жаранга айып пул салынды

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасы менен акча алмашуу операцияларын жүргүзгөн төрт жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан маалымдашты. Маалыматка ылайык, А.Н.Р., А.у.А., Е.Б.К. жана Ш.Н.К. аттуу жарандардын ар бирине 17 500 сомдон айып

Ишкер Media
БШК аймактык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоого жарандарды чакырды

БШК аймактык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоого жарандарды чакырды

КРнын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бир катар аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо үчүн жарандардан, саясий партиялардан жана коомдук бирикмелерден документтерди кабыл алууну жарыялады. Тийиштүү документтер 2026-жылдын 7-октябры саат 18:00гө чейин кабыл алынат. Резервдери толуктала турган комиссиялардын арасында Түп, Каракол, Ак-Суу, Ысык-Ата, Аламүдүн, Чүй, Токмок, Талас

Ишкер Media
Бизнесте жасалма интеллекти колдонуу менен ишиңизди жеңилдетиңиз!

Бизнесте жасалма интеллекти колдонуу менен ишиңизди жеңилдетиңиз!

Жасалма интеллект биздин жашообуздун бардык сферасына, анын ичинде  бизнеске да ылдамдык менен кирип жатат. Жасалма интеллект компьютердик системдердин адам сыяктуу ойлонуп, анализ жүргүзүп, чечим кабыл алуусуна мүмкүндүк берген технология экенин билесиз. "Мына ушул технологиянын түрдүү платформалар бизнесте сиздин ишти жеңилдетип, мыкты жардамчы болуп берип, ишиңизди алга жылдырат. Бул жаатта

Ишкер Media