Лебединовка ГЭСи реконструкциялоодон кийин чыгымдарын 7 жылдын аралыгында актайт

Лебединовка ГЭСи реконструкциялоодон кийин чыгымдарын 7 жылдын аралыгында актайт

Лебединов ГЭСин оңдоп түзөө жумуштары 3 жылда бүткөрүлүп, ГЭС 7 жылдын ичинде кеткен чыгымдарын актайт. Бул тууралуу ЖК жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымдады.

Эске салсак, бүгүн, 7-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо» долбоору боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен кол коюлган гранттык макулдашуу боюнча мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

Баяндама жасаган Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасы Улан Примов белгилегендей, долбоордун жалпы наркы 13.8 млн евро, анын ичинен 8.8 млн евро кредит түрүндө, 5 млн евро инвестициялык грант түрүндө алынат.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, кабыл алынды.

Мындан тышкары окуңуз

Нарындагы мыйзамсыз курулган тосмолор буздурулууда

Нарындагы мыйзамсыз курулган тосмолор буздурулууда

Нарын шаарынын Жаңы Жол чөлкөмүндө мыйзамсыз тосулуп алынган жер аянттарын кайтарып алуу максатында дубал тосмолор жана сарайлар бузулууда. Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматынын айтымына караганда, “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо” жөнүндөгү президенттин 109 -Жарлыгынын алкагында мыйзамсыз курулуштарды аныктоо, бузуу боюнча жарандарга билдирүүлөр да

Кыргызстан менен Пакистан соода-экономикалык  долбоорлорду ишке ашырат

Кыргызстан менен Пакистан соода-экономикалык долбоорлорду ишке ашырат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Пакистандын Лахор шаарындагы Кыргызстандын ардактуу консулу менен жолугушту. Аталган мекеменин маалыматына ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташуунун келечектүү багыттары талкууланды. Пакистан тарап Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, артыкчылыктуу тармактары жана инвесторлор үчүн каралган мамлекеттик колдоо чаралары менен таанышты. Равшанбек Сабир

“Кыргыз Петролеум Компаниясын” жаңылоого 409,9 млн доллар каралган

“Кыргыз Петролеум Компаниясын” жаңылоого 409,9 млн доллар каралган

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Манас шаарында өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу май маселелерине байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жана мунай менен иш алып барган бир катар жеке компаниялардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрдү.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, отурумда негизинен “Кыргызнефтегаз”

Чүйдөгү үрөндүк аянттардын абалына баа берилет

Чүйдөгү үрөндүк аянттардын абалына баа берилет

Чүй облусунун үрөнчүлүк чарбаларында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сапатын баалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Текшерүү иштерин Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин адистери жүргүзүп, үрөнчүлүк чарбалардын ишмердүүлүгү жана мамлекеттик талаптардын сакталышы көзөмөлгө алынууда. Учурда Чүй