Сауд өнүктүрүү фондунун каражатына МИК 3000 батир курат

Сауд өнүктүрүү фондунун каражатына МИК 3000 батир курат
Photo by Irene Strong / Unsplash

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Сауд өнүктүрүү фондунун тарабынан КРда турак жайды каржылоо долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам экинчи окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мыйзам долбоорун экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов тааныштырды. Ал белгилегендей, Сауд өнүктүрүү фонду «Кыргыз Республикасындагы турак жайды каржылоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн 25 жылдык мөөнөткө 375 млн сауд риалы (100 млн доллары эквиваленти) өлчөмүндө насыяны жылдык 1.5% кредиттик комиссиясы, 5 жылдык жеңилдетилген мезгили менен 25 жылдык мөөнөткө берет. Программада 40 м2ден 85 м2ге чейин 3000 бирдик арзан турак жай куруу каралган. Долбоор 2028-жылдын аягына чейин бүтөрү күтүлүүдө.

«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК тартылган финансылык каражаттардын оператору болот, жер участокторун берет жана «Менин үйүм 2021-2026» программасынын катышуучулары саналган Кыргызстандын жарандарына    жеткиликтүү турак жайдын курулушун каржылайт.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө реестрге катталбаган курулуш үчүн 1 млн сом айып пул салынды

Чүйдө реестрге катталбаган курулуш үчүн 1 млн сом айып пул салынды

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы логистикалык-соода борборунда курулуп жаткан кампалардын, газоблок чыгаруучу заводдун жана аквапарктын курулушунда мыйзам бузуу катталып, 1 млн сом айып пул салынды. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаменти текшерүүдө курулуш иштери Бирдиктүү мамлекеттик курулуш реестрине катталбастан

Бишкекте автобуска жол кире төлөөнүн жаңы тартиби киргизилди

Бишкекте автобуска жол кире төлөөнүн жаңы тартиби киргизилди

1-июлдан тартып Бишкек шаарындагы муниципалдык коомдук транспортто заманбап электрондук төлөм ыкмаларын колдонуу менен жол кире төлөө системасы ишке кирет. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жүргүнчүлөр жол кирени “Тулпар” транспорттук картасы, Visa, Mastercard жана “Элкарт”банктык карталары, QR-коддор, ошондой эле башка электрондук төлөм кызматтары аркылуу төлөй алышат. “Тулпар” транспорттук

Караколдогу саркынды сууларды тазалоочу объекттин курулушу 90%га аяктады

Караколдогу саркынды сууларды тазалоочу объекттин курулушу 90%га аяктады

Каракол шаарында жаңы канализациялык тазалоочу курулмалар 90%га курулуп бүттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Объекттин долбоордук кубаттуулугу суткасына 12 миң куб метрди түзөт. Бул шаардагы саркынды сууларды тазалоону камсыз кылып, Ысык-Көл көлүнүн биосфералык аймагын коргоого багытталган. Жаңы тазалоочу курулмаларда саркынды

ЭВФтин Швейцария добуш берүүчү өлкөлөр тобунун отуруму болду

ЭВФтин Швейцария добуш берүүчү өлкөлөр тобунун отуруму болду

КРнын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары А.А. Козубеков Ташкент шаарында өткөн ЭВФтин Швейцария добуш берүүчү өлкөлөр тобунун отурумуна катышып келди. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, отурумда ЭВФтин Швейцария тобуна катышкан өлкөлөрдүн экономикасына учурда таасирин тийгизип жаткан глобалдуу өзгөрүүлөргө, ошондой эле дүйнөлүк рынокто орун алып