РКӨФ Куланак ГЭСинин курулушуна 44 миллион доллар бөлөт

РКӨФ Куланак ГЭСинин курулушуна 44 миллион доллар бөлөт

Россия-кыргыз өнүгүү фонду менен ЕӨБ Нарын облусундагы 100 мегаватт кубаттуулуктагы Куланак ГЭСинин курулушун биргелешип каржылоо боюнча кредиторлор аралык келишимге кол коюшту. Бул тууралуу РКӨФнун маалымат кызматы билдирди.

«ГЭСтин ишке кириши өлкөбүздөгү энергетикалык тартыштыкты дээрлик 20% кыскартууга жардам берет. Аны курууда 1000 жумушчу орун түзүлөт, ал эми ишке берилгенден кийин 100гө жакын. Станция Нарын дарыясында ГЭС каскадынын сериясындагы биринчи станция болот», - деди фонддун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков.

Ошондой эле, дамба менен суунун деңгээлин көтөрүү сугат жерлеринин аянтын 7.2 миң гектарга чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

ЕӨБ Башкармалыгынын төрагасынын орун басары Денис Ильин Куланак ГЭСинин курулушунда буга чейин чоң көлөмдөгү даярдык иштери жүргүзүлгөнүн белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Соода-өнөр жай палатасына мүчө болуу үчүн 140 компания арыз берген

Соода-өнөр жай палатасына мүчө болуу үчүн 140 компания арыз берген

Соода-өнөр жай палатасына мүчө болуу үчүн 140 компания арыз берген. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, берилген арыздардын басымдуу бөлүгү — 108и Бишкек шаарынан. Ошондой эле 15 компания Жалал-Абад, 11и Ош, бешөө Баткен жана бирөө Талас облустарынан кайрылышкан. Палатага кошулууга кийим тигүү, курулуш, логистика, кыймылсыз мүлк,

"Ала-Тоо Резорт" лыжа комплекси качан ачылары белгилүү болду

"Ала-Тоо Резорт" лыжа комплекси качан ачылары белгилүү болду

Жыргалаң айылында "Ала-Тоо Резорт" төрт мезгилдүү тоо кластеринин лыжа трассаларын жана асма жолдорун куруу боюнча көчмө жумушчу кеңешме өттү. Ишканадан билдиришкендей, "Ала-Тоо Резорт" ААКнын жетекчилиги жана адистери подряддык жана долбоорлоо уюмдарынын өкүлдөрү менен биргеликте объектилердеги курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен текшеришти. Кеңешменин катышуучулары лыжа трассаларынын

Санкциялык тобокелдиктер: дагы 19 компаниянын  ишин токтотуу демилгеленди

Санкциялык тобокелдиктер: дагы 19 компаниянын ишин токтотуу демилгеленди

Кыргызстанда санкциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында дагы 19 юридикалык жакты мажбурлап жоюу боюнча иш башталды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, президенттин атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы астында өткөн жумушчу кеңешмеде санкциялык тобокелдиктерге дуушар болушу мүмкүн болгон компаниялардын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары талкууланды. Эске салсак, июндун аягындагы

Ошто 10 мектеп жана IT-шаарча курулуп жатат

Ошто 10 мектеп жана IT-шаарча курулуп жатат

Бүгүн курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарындагы бир катар курулуш объектилеринин жүрүшү менен таанышты. Ведомствонун маалыматына ылайык, иш сапардын алкагында журналисттер үчүн пресс-тур уюштурулуп, шаарда курулуп жаткан социалдык жана ири инфраструктуралык объектилер көрсөтүлдү. Министрдин айтымында, Президенттин тапшырмасы менен Ошто 10 жаңы мектептин курулушу