РКӨФ менен «Чакан ГЭС» каржылоо тууралуу келишимге кол коюшту

РКӨФ менен «Чакан ГЭС» каржылоо тууралуу келишимге кол коюшту

«Чакан ГЭС» ААКга караштуу Бала-Саруу гидроэлектростанциясынын аймагында аталган ААК менен Россия-кыргыз өнүгүү фонду ортосунда ГЭСтин курулуш иштерин соңуна чыгаруу үчүн каржылоо бөлүү боюнча кол коюу аземи өттү. Бул тууралуу «Чакан ГЭС» кабарлады.

Эскерте кетсек, Бала-Саруу ГЭСин куруу долбоору 25 МВт кубаттуулуктагы үч гидроагрегаттуу, жылына орточо эсеп менен 92 млн. кВт саат электр энергиясын чыгарган станцияны курууну камтыйт.

Мындан сырткары, долбоордун алкагында жогорку чыңалуудагы «Покровка», «Кара-Арча» 110 кВ аба электр чубалгылары курулуп, 31 анкер, темирбетон тирөөчтөрү орнотулуп, жогорку чыңалуудагы эки көмөкчордон курулууда.

ГЭСтин аягына чыгаруу максатында «Чакан ГЭС» ААК Россия-кыргыз өнүгүү фондуна 10 млн доллар бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Мындан тышкары окуңуз

Милициянын атын жамынып, жарандан 60 миң сом алган шектүү кармалды

Милициянын атын жамынып, жарандан 60 миң сом алган шектүү кармалды

Ички иликтөө кызматы өзүн Бишкектин Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкеримин деп тааныштырып, жаранды алдаган шектүүнү кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, К.У.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адам ишенимге кирүү жолу менен андан 60 миң сом алып, автоунааны айып короодон чыгарып

Улуттук банк: кезектеги алдамчылык схемадан абайлаңыздар

Улуттук банк: кезектеги алдамчылык схемадан абайлаңыздар

Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде жеңилдетилген насыя алууга жардам берүү тууралуу Улуттук банктын атын жамынган жарнамалык маалыматтар таратылууда. Улуттук банктын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, ишендириш үчүн алдамчылар Улуттук банктын логотиби бар жасалма документтерди жана жалган маалыматтарды мисал келтирүүдө. Ушуга байланыштуу, Улуттук банк жарандарды сак болууга чакырып, мындай билдирүүлөргө ишенбей, маалыматты

Манастагы “Акылман” мектеп-лицейинин курулушу 75%га аяктады

Манастагы “Акылман” мектеп-лицейинин курулушу 75%га аяктады

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Манас шаарындагы “Акылман” президенттик мектеп-лицейинин курулуш иштерин текшерди. Министрликтен билдиришкендей, буга чейин мектептин жалпы сметалык наркы 2,1 млрд сомдон ашык болуп, курулуштун 1 чарчы метринин баасы 1 103 долларды түзгөн. Министрлик кайра эсептеп чыгып, 1 чарчы метрдин баасы

Электрондук сооданы өнүктүрүү Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунда талкууланды

Электрондук сооданы өнүктүрүү Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунда талкууланды

Бельгиянын борбору Брюссель шаарында Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун (БДБУ) Кеңешинин 147/148-жылдык сессиясы өтүп, ага КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев баштаган делегация катышты. Сессиянын жүрүшүндө БДБУга мүчө 187 мамлекеттин өкүлдөрү 2025–2028-жылдарга карата Стратегиялык планды ишке ашыруу, бажы кызматын санариптештирүү, жасалма интеллект жана маалыматтарды талдоо технологияларын