Германия эмгек мигранттары үчүн иммиграцияга чейинки 10 окуу борборун жабдынуу караштырмакчы

Германия эмгек мигранттары үчүн иммиграцияга чейинки 10 окуу борборун жабдынуу караштырмакчы

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Бавариянын экономика,жерди өнүктүрүү жана энергетика мамлекеттик министрлигинин статс-катчысы Роланд Вайгерт менен ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү кызматташтык маселелерин талкуулады. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Министрлик республиканын бардык региондорунда компетенцияларды валидациялоо, сертификациялоо, эмгек мигранттарын окутуунун кыска мөөнөттүү курстарын жана кетер алдында алдын ала даярдоону уюштуруу боюнча 10 борбор түзүүнү пландаштырууда.

Министрлик менен Бавариядан келген делегациянын ортосунда ГФР тарабынан бул 10 борборду керектүү окуу жабдуулары жана кесиптик лабораториялар менен жабдуу маселесин иштеп чыгуу жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Келечекте чет өлкөгө жөнөтүлгөн эмгек кадрларынын тажрыйбасы республика үчүн абдан маанилүү. Анткени кайтып келген жарандар аларды колдонуп, Кыргыз Республикасынын экономикасына салым кошуу үчүн чет өлкөдө алган иш тажрыйбасына жана көндүмдөрүнө ээ болушат.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев Санкт-Петербургдагы окуу жайда лекция окуду

Адылбек Касымалиев Санкт-Петербургдагы окуу жайда лекция окуду

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Орусияга болгон жумуш сапарынын алкагында Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинде студенттер жана окутуучулар үчүн мейман лекция окуду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. "Кыргызстандын экономикалык жетишкендиктери жана кыргыз-орус мамилелеринин учурдагы өнүгүүсү" темасына арналган лекциянын жүрүшүндө өкмөт башчысы эки өлкөнүн ортосундагы соода-

Коомдук транспортто накталай төлөмдөн баш тартуу мыйзамга каршы келбейби?

Коомдук транспортто накталай төлөмдөн баш тартуу мыйзамга каршы келбейби?

КРнын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкек шаарындагы коомдук транспортто накталай төлөмдөрдү толугу менен жоюу демилгеси боюнча өз позициясын билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, мындай демилге өлкөнүн мыйзам талаптарына каршы келиши мүмкүн. Анткени КРнын аймагында расмий мыйзамдуу төлөм каражаты катары накталай жана накталай эмес сом бирдей колдонулат. Экөө тең товарлар жана

Аскар Акаев:  Садыр Жапаровго “кыргыз экономикалык кереметин” улантууга убакыт берилиши керек

Аскар Акаев:  Садыр Жапаровго “кыргыз экономикалык кереметин” улантууга убакыт берилиши керек

Мурдагы президент Аскар Акаев Кыргызстандагы "экономикалык кереметин" улантуу үчүн азыркы президент Садыр Жапаровду кыргыз эли дагы колдошу керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал 19-июнда Ысык-Көл форумунда билдирди. Ал Садыр Жапаровду эл кыйын кырдаалда шайлаганын, бүгүнкү күнү экономика өсүшкө түшкөнүн, социалдык тармактарда да жашоо жакшырганы көрүнүп турганын

Төрага 45ке жакын жаранды кабыл алды

Төрага 45ке жакын жаранды кабыл алды

19-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жарандарды кабыл алып, элдин көйгөйлөрүн жана сунуштарын укту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кезектеги кабыл алууга 45ке жакын адам жазылган. Жолугушуу 2 саатка созулуп, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген жарандар жеке жана коомдук мүнөздөгү ар кыл маселелерди көтөрүшкөн. Анын