АӨБ «Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу» долбоору боюнча 199.5 миң долларды которду

АӨБ «Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу» долбоору боюнча 199.5 миң долларды которду

2023-жылдын 14-июль күнү «Муганбанк» ААКсы Азия өнүктүрүү банкы каржылаган «Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Эпкин-Башкууганды участогун реконструкциялоо» долбоору боюнча Финансы министрлигинин казыналык эсебине 199.5 миң долларын которгон. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.

Эске салсак, «Муганбанк» ААКсы 2023-жылдын 26-январында 395.5 миң доллары өлчөмүндө алгачкы төлөмдү жүргүзгөн. Ошентип, КРдин Финансы министрлигинин казыналык эсебине которулган каражаттардын жалпы суммасы 595 миң АКШ долларын түздү.

2023-жылдын аягына чейин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги банк кепилдигинин 3.4 млн доллар өлчөмүндөгү калган суммасын жабуу боюнча бардык зарыл иштерди улантат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү Россиянын бизнес коомчулугуна тааныштырылды

Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү Россиянын бизнес коомчулугуна тааныштырылды

Соода-өнөр жай палатасынын Россия Федерациясындагы расмий өкүлү Кубанычбек Осмонбеков инвестициялык коомчулуктун өкүлдөрүнө Кыргызстандын инвестициялык потенциалын тааныштырды. Мекеменин маалыматына ылайык, анда өлкөнүн инвестиция тартуудагы артыкчылыктуу багыттары, Кыргызстан менен Россиянын соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү баяндалды. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын банк секторуна, эл аралык эсептешүүлөргө, ошондой эле

Ишкер Media
"Ош базары" 2027-жылы көчүрүлөт

"Ош базары" 2027-жылы көчүрүлөт

"Ош базары" 2027-жылдын март-апрель айларында көчүрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы эл менен болгон жолугушуулардын биринде айтты. Анда өлкө башчы базарды мамлекет өзү куруп жатканын билдирди. "2021-жылы эле Бишкектеги жана Кара-Суу базарларынын ээлерин чоглутуп айттым эле. Отуз жылда ушул жерден

Ишкер Media
Кыргызстандан Өзбекстанга — комиссиясыз: DemirBank акча которууларды жеңилдетет

Кыргызстандан Өзбекстанга — комиссиясыз: DemirBank акча которууларды жеңилдетет

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы акча которуулар DemirBankтын кардарлары үчүн дагы жеткиликтүү болду.  Эми Uzum Bank, Humo жана Uzcard карталарына акча каражаттарын комиссиясыз жөнөтүп, заматта которууга болот. Өзбекстандагы туугандарыңызга акча жөнөтүү, жакындарыңызга күнүмдүк чыгымдары үчүн жардам берүү же жеке муктаждыктар үчүн каражат которуу эми смартфон аркылуу оңой аткарылат.  DemirBankтын кардарларына которуу

Ишкер Media
Ысык-Көлдөн жыл башынан бери 53,9 чакырым тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн жыл башынан бери 53,9 чакырым тор чыгарылды

2026-жылдын башынан бери Ысык-Көлдүн акваториясынан жалпы узундугу 53,9 чакырымды түзгөн 539 даана синтетикалык балык уулоочу тор жана 1,44 тонна таштанды чыгарылды.Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, көлдү тазалоо иштери президенттин "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгын аткаруунун алкагында

Ишкер Media