Япония КРнын Салык кызматы менен мындан ары кызматташууга кызыкдар

Япония КРнын Салык кызматы менен мындан ары кызматташууга кызыкдар

Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов Япониянын финансы министринин орун басары Масато Канда баштаган япон делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Жолугушууда тараптар Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен биргелешип ишке ашырылган «МСКнын адам ресурстарын өнүктүрүү системасын жакшыртуу» долбоорунун жыйынтыктарын талкуулашты.

Абдувапов Япониядан келген делегацияны жылуу тосуп алып, Салык кызматынын адистерин аралыктан окутуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, эки тараптуу тыгыз кызматташтыктын алкагында түзүлгөн продуктулар жана JICA тарабынан көрсөтүлгөн техникалык жардам салык системасын санариптештирүүгө багытталган заманбап максаттарга жана милдеттерге жетүүгө өбөлгө түздү.

Алтынбек Абдувапов Салык кызматынын жаңы кызматкерлеринин базалык билимдерин бекемдөөгө жана иштеп жаткан кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга мүмкүндүк берген аралыктан окутуу системасы өз убагында түзүлгөндүгүн жана анын актуалдуулугун белгиледи.

Ал эми Япониянын финансы министринин орун басары Масато Канда долбоордун жыйынтыгын жогору баалап, квалификациялуу адистерди даярдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө адилеттүү салык салуу – дүйнө жүзүндөгү демократиялык принциптердин маанилүү аспектилеринин бири.

Эскерте кетсек, Салык кызматынын кадрдык дараметин өнүктүрүү системасын жакшыртуу боюнча кыргыз-япон үч жылдык долбоору Салык кызматынын кадрдык дараметин өнүктүрүү жана аралыктан/электрондук окутууну киргизүү аркылуу калктын салыктык сабаттуулугун жогорулатуу максатында ишке ашырылган.

Долбоордун аркасында салык кызматкерлери смартфондордун, ноутбуктардын жана жеке компьютерлердин жардамы менен жумуштарын үзгүлтүккө учуратпастан минималдуу убакыт сарптоо менен квалификацияларын жогорулатууда. Ошондой эле окуучулар үчүн салык сабаттуулугу темасында анимациялык роликтер түзүлүп, окуу аудио жана видеосабактарды даярдоо үчүн студия ачылган.

Санариптик инструменттерге глобалдык түрдө өтүү шартында Салык кызматынын адистери салыктык башкаруу чөйрөсүндө жогорку натыйжалуу көндүмдөргө жана билимдерге ээ болушу керек. Ушуга байланыштуу, япон тарап Мамлекеттик салык кызматы менен мындан ары кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Каржы министри Руслан Суйналиев Швейцариянын Экономика маселелери боюнча мамлекеттик катчылыгынын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси, өкмөттүн соода келишимдери боюнча өкүлү Пьетро Лаццери менен жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы финансылык-экономикалык кызматташуунун учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл чакан экономиканы колдоо, мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү жана

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Кыргызстанда 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларын расмий түрдө "Баткен согушу" деп таанууну сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун демилгечиси — эл өкүлү Болот Сагынаев. Ал "Согуштун ардагерлери, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" мыйзамга Баткен согушунун ардагерлерин киргизүүнү сунуштоодо. Долбоорго ылайык, бул макам 1999–

Министр Балыкчы–Жалал-Абад жолунун курулуш иштерин көзөмөлдөдү

Министр Балыкчы–Жалал-Абад жолунун курулуш иштерин көзөмөлдөдү

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Балыкчы–Жалал-Абад унаа жолунда жүрүп жаткан курулуш иштеринин көзөмөлдөдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Иш сапарынын алкагында министр кооптуу тилкелерде курулуп жаткан тирөөч дубалдардын, селден жана тоо көчкүлөрүнөн коргоочу галереялардын, ошондой эле үч жерде салынып жаткан жол тейлөө пункттарынын курулушунун жүрүшүн

Кыргызстанда 246 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъектти аялдар жетектейт

Кыргызстанда 246 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъектти аялдар жетектейт

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Аялдар форумунда өлкө экономикасындагы чакан жана орто бизнестин ордун белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө чакан жана орто бизнес Кыргызстандын ички дүң жыйымынын 51,7%ын түзөт. Ошондой эле 823 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъекттин 246 миңден ашыгын