Бакыт Төрөбаев Дүйнөлүк банктын өкүлү менен жолугушту

Бакыт Төрөбаев Дүйнөлүк банктын өкүлү менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия региону боюнча энергетикалык тармак тобунун башчысы Стефани Гил менен жолугушту. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын командасы 2024-2028-жылдарга КР менен жаңы Өнөктөштүк Стратегиясы тууралуу маалымат берди, анын негизги багыттары катары энергетика, ичүүчү суу, айыл чарба жана башкалар саналат.

Дүйнөлүк банк Камбар-Ата – 1 ГЭСинин курулушуна каржылык колдоо көрсөтүүгө кызыкдар экенин ырастады.

Ошону менен бирге Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү өздөрүнүн ролун бир гана финансылык катышуу менен чектебестен, башка потенциалдуу инвесторлорду тартууда биргелешип уюштуруучу тарап катары карай турганын белгилешти.

Мындан тышкары, Дүйнөлүк банк ичүүчү суу менен камсыз кылуу жаатында пилоттук алкактык долбоорду иштеп чыгуу жөнүндө маалымат берди, анын болжолдуу суммасы 400 млн долларын түзөт, ал эми 100 млн доллары Дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнөт.

Өз кезегинде минкаб төрагасынын орун басары Дүйнөлүк банкка кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирип, анын республиканын калкынын жашоо сапатын жакшыртууга жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган ири долбоорлорду жана программаларды ишке киргизүүдөгү маанилүү ролун белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media