Депутаттар Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө мыйзамын колдошту

Депутаттар Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө мыйзамын колдошту

Бүгүн, 6-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында  «2023-жылдын 16-мартында Анкара шаарында кол коюлган Түрк инвестициялык фондун уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, фонд Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун (ТМУ) өлкөлөрүндө приоритеттүү бизнес-долбоорлорду каржылоо үчүн ресурстук база болуп саналат. Фонддун уставдык капиталы 500 млн долларын түзөт.

Кыргыз Республикасынын үлүшү 70 млн долларын түзөт жана 3 жылга республикалык бюджеттен төлөнөт. Фонддун уставдык капиталын толуктоо графигине ылайык, 5 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттар фонддун уюштуруучулары тарабынан акционерлердин уюштуруу чогулушунан кийин 90 күндүн ичинде баштапкы салым катары төлөнөт.

Мындан тышкары окуңуз

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек арадагы ветеринардык көзөмөл постторунун ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору А. Сотовалдиевдин иш сапарынын жүрүшүндө “Кызыл-Бел”, “Кызыл-Кыя” жана “Достук” мамлекеттик чек ара ветеринардык көзөмөл посттору, ошондой эле “Кара-Суу”

Саясий чөйрөдө аялдардын өкүлчүлүгү 40%га жетти

Саясий чөйрөдө аялдардын өкүлчүлүгү 40%га жетти

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун "Аялдардын лидерлиги" темасындагы Аялдар форуму өз ишин баштады. Иш-чара Кыргызстандын 2026-жылдагы ШКУга төрагалыгынын алкагында 26–27-июнда "Эне-Сай" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, форумга Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин бийлик өкүлдөрү, эл аралык уюмдар,

“Кыргызкөмүр” ишканасынын орун басары кызматтан бошотулду

“Кыргызкөмүр” ишканасынын орун басары кызматтан бошотулду

Мамлекеттик "Кыргызкөмүр" ишканасынын башкы директорунун орун басары Талант Скандербеков финансылык мыйзам бузуулар үчүн кызматтан бошотулду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, "Кара-Кече" филиалындагы 24,9 миллион сомдук финансылык мыйзам бузууларга байланыштуу кызматтан бошотулду. Ички аудиттин жүрүшүндө аталган филиалда кассалык тартип одоно бузулганы аныкталган

Бишкек шаарындагы Шаты көчөсү оңдолууда

Бишкек шаарындагы Шаты көчөсү оңдолууда

“Бишкекасфальтсервис” муниципиалдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын титулдук тизмесине ылайык, Шаты көчөсү Кара-Жыгач көчөсүнөн Субан-Ата көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык курулуш иштери жүргүзүлүүдө. “Бишкекасфальтсервис” муниципиалдык ишканасынын маалыматына ылайык, курулуп жаткан жолдун жалпы узундугу 616 метрди, туурасы 7 метрди түзөт. Долбоордун алкагында заманбап талаптарга жооп берген жаңы асфальт төшөлүп, жөө жүргүнчүлөр