Бишкек шаарындагы Шаты көчөсү оңдолууда

Бишкек шаарындагы Шаты көчөсү оңдолууда

“Бишкекасфальтсервис” муниципиалдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын титулдук тизмесине ылайык, Шаты көчөсү Кара-Жыгач көчөсүнөн Субан-Ата көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык курулуш иштери жүргүзүлүүдө.

“Бишкекасфальтсервис” муниципиалдык ишканасынын маалыматына ылайык, курулуп жаткан жолдун жалпы узундугу 616 метрди, туурасы 7 метрди түзөт.

Долбоордун алкагында заманбап талаптарга жооп берген жаңы асфальт төшөлүп, жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдун эки тарабына тротуар жана ирригация системасы курулат.

Долбоор шаардык инфраструктуранын сапатын жогорулатууга, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга жана борбор калаанын тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Оштун калктуу конуштарын суу менен камсыздоо боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

Бишкекте 13 жер тилкесинин ээлерине 40,7 млн сом компенсация берилди

Өзгөчө кырдаалдар учурунда медиа-штаб түзүү сунушталууда

Сузактагы кыш завод абаны булгаганы үчүн айыпка жыгылды

Чапаев – Кегети – Арпа-Тектир жолундагы сапатсыз асфальт кайра төшөлүүдө