Германия саламаттык сактоо тармагына 4.5 млн евро берет – ЖК маселени талкуулады

Германия саламаттык сактоо тармагына 4.5 млн евро берет – ЖК маселени талкуулады

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коопсуздук, коргонуу жана миграция боюнча комитети   министрлер кабинети менен Германия өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну карады.

Парламент билдиргендей, бул багытта экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов маалымат берди. Ал белгилегендей, “Саламаттык сактоо инфраструктурасын жыйынтыктоочу каржылоо” долбоорун ишке ашыруу “Ден соолук” артыкчылыктуу программасында учурдагы жана пландаштырылган инфраструктуралык долбоорлорду, атап айтканда, “Эне жана баланын ден соолугу” компоненттерин, V-IX фазасын (Бишкек шаарынын перинаталдык борбору, Ош шаарынын перинаталдык борбору, Талас шаарынын перинаталдык борбору), ошондой эле кургак учукка каршы күрөшүү боюнча компонентти (КФ) V фазаны (Бишкектеги кургак учукка каршы оорукана) аяктоо үчүн пландаштырылган.

Комитет төрагасы Улан Примов  каражат грант катары келип жатканын белгилеп, мыйзам долбоорун кесиптештерин колдоп берүүгө чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул суу сактагычынан 500 метрден ашык балык уулоочу торлор алынды

Токтогул суу сактагычынан 500 метрден ашык балык уулоочу торлор алынды

Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын аңчы-егерь адистери Токтогул суу сактагычын тазалоо иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейд учурунда суу сактагычтан жалпы узундугу 500 метрден ашык синтетикалык балык уулоочу торлор жана желим бөтөлкөлөр чогултулду. Мыйзамсыз колдонулган балык уулоочу торлор белгиленген тартипте жок

Суусамыр – Талас – Тараз жолунун курулушу жеринде текшерилди

Суусамыр – Талас – Тараз жолунун курулушу жеринде текшерилди

Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында аймактагы жол чарба ишканаларынын жетекчилери менен көчмө жыйын өткөрдү. Министрликтин маалыматына ылайык, жыйында жолдорду өз убагында оңдоо жана күтүү, курулуш иштеринин сапатын камсыз кылуу, белгиленген мөөнөттөрдү сактоо жана атайын техникаларды натыйжалуу пайдалануу маселелери талкууланды. Жыйындын

Июнда өлкө боюнча 90 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Июнда өлкө боюнча 90 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын июнь айында өлкө боюнча 90 курулуш объектисине техникалык корутунду даярдады. Министрликтин маалыматына ылайык, техникалык корутундулар курулуш объектилеринин сейсмикалык туруктуулугун баалоо, ошондой эле долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына жана колдонуудагы техникалык ченемдерге

“Саймалуу-Ташта” петроглифтерге жетүүнү жеңилдеткен көпүрө курулду

“Саймалуу-Ташта” петроглифтерге жетүүнү жеңилдеткен көпүрө курулду

Жалал-Абад облусундагы “Саймалуу-Таш” мамлекеттик жаратылыш паркынын Көк-Арт өрөөнүндө жаңы көпүрө курулуп бүттү. Мамлекеттик жаратылыш паркынан билдиришкендей, петроглифтер жайгашкан аймакка алып баруучу көпүрө көп жылдан бери көйгөй жаратып келген. Аталган объект парк тарабынан жаңыланып, туристтер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Көпүрөнүн ачылыш аземине райондук мамлекеттик администрациянын башчысы