Кыргызстанда аба сапатын жакшыртуусуна 50 млн доллар берилет

Кыргызстанда аба сапатын жакшыртуусуна 50 млн доллар берилет

Финансы министри Алмаз Бакетаев “Бишкек шаарынын абасынын сапатын жакшыртуу: негизги факторлорду түшүнүү жана жоюу; Кызыкдар тараптардын чогулушу жана отчеттун бет ачары» презентациясына катышты. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Иш-чарада финансы министри, Дүйнөлүк банктын командасы менен биргеликте Кыргызстанда алгачкы жолу абанын сапатын жакшыртуу боюнча долбоорун иштеп чыккандыгын жана бул өз кезегинде абанын сапатын башкаруунун комплекстүү системасын түзүүгө жардам берерин билдирди.

«Абанын сапатын жакшыртуу максатында «Газдаштырууну жеңилдетилген каржылоо» программасы калкка жеңилдетилген кредиттерди Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу иштерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү аркылуу каржыланат. 2023-жылга коммерциялык банктардын пайыздык чендерин субсидиялоого 72.6 миллион сом каралган. Ошондой эле, 2024-жылга да ушундай эле сумма каралган. Мындан тышкары, министрлер кабинетинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги N211-р буйругу менен экологиялык автобустарды сатып алууга республикалык бюджеттен 4.5 млрд сому бөлүнгөн», - деп маалымдады Бакетаев.

Белгилей кетсек, долбоор абанын сапатына мониторинг жүргүзүү, талдоо, болжолдоо жана маалыматтарды башкаруу менен байланышкан инфраструктураны модернизациялоо аркылуу абанын сапатын башкаруунун комплекстүү системасын түзүүгө, ошондой эле турак жайларды таза жана энергияны үнөмдүү жылытуу технологияларына өтүүгө жана максаттуу аймактарда жашылдандыруу программасын колдоого көмөктөшөт.

Иш-чаранын алкагында минкаб менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда «КРдагы абанын сапатын жакшыртуу» долбоору боюнча 50 млн доллары өлчөмүндөгү кредиттик макулдашууга кол коюлду.

Мындан тышкары окуңуз

Moody’s Кыргызстандын кредиттик рейтингин B2ге көтөрдү

Moody’s Кыргызстандын кредиттик рейтингин B2ге көтөрдү

Эл аралык Moody’s агенттиги Кыргызстандын суверендүү кредиттик рейтингин B3төн B2ге жогорулатып, божомолду "Туруктуу" деп белгиледи. Бул тууралуу Министрлер Кабинети 5-октябрда билдирди. Рейтингдин көтөрүлүшүнө экономиканын өсүшү жана диверсификациясы, жан башына ИДПнын көбөйүшү, инфраструктурага инвестициялар жана мамлекеттик финансынын жакшырышы негиз болду. Ошондой эле мамлекеттик карыздын ИДПга карата катышынын

Ишкер Media
Кыргызстан менен Оман биргелешкен инвестициялык фонд түзүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Оман биргелешкен инвестициялык фонд түзүүнү талкуулады

6-октябрда Экономика жана коммерция министрлигинде Оман Султанатынын Соода, өнөр жай жана инвестицияларды илгерилетүү министрлигинин жана Oman Investment Authority уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, кыргыз продукциясын Оман рыногуна чыгаруу жана халал-индустрия жаатында кызматташуу талкууланды.

Ишкер Media
Бишкекте түтүндүү унааларга 1,9 млн сом айып салынды

Бишкекте түтүндүү унааларга 1,9 млн сом айып салынды

Жыл башынан бери абага ченемден ашык зыяндуу зат чыгарган транспорт ээлерине 1 млн 939 миң 500 сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш русуртары министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, министрликтин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Бишкекте абанын сапатын жакшыртуу үчүн рейддерди системалуу жүргүзүп жатат. Акыркы рейдде 10 унаа текшерилип, экөөнүн түтүнү

Ишкер Media
Өлкөдө Starlink интернет кызматынын пилоттук режими аяктады: Эми кандай шартта иштейт?

Өлкөдө Starlink интернет кызматынын пилоттук режими аяктады: Эми кандай шартта иштейт?

Кыргызстанда Starlink интернет кызматтарын колдонуу боюнча бир жылдык пилоттук режим 5-октябрда аяктады. Бир жыл ичинде өлкөдө интернет кызматтарын сыноо жана тиешелүү механизмдерди иштеп чыгуу каралган. Бул тууралуу Экономист.кг маалымат булагы жазып чыкты. Starlink кызматы өлкөдө 2026-жылдын май айында расмий түрдө ишке кирип, пилоттук долбоордун алкагында кызмат көрсөтө

Ишкер Media