Жогорку Кеңештин комитетинде Камбар-Ата-1 ГЭСинин ТЭНин актуалдаштыруу долбоору каралды

Жогорку Кеңештин комитетинде Камбар-Ата-1 ГЭСинин ТЭНин актуалдаштыруу долбоору каралды

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети кезектеги жыйынында «2023-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган КР менен Эл аралык өнүктүрүү  ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Камбарата -1 ГЭСинин долбоору үчүн техникалык жардам) жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Макулдашуу катты (Гранттык макулдашуу) (Камбарата - 1 ГЭСинин долбоору үчүн техникалык жардам) ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору боюнча энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат берди. Анын айтымында, Каржылоо жөнүндө макулдашууну жана макулдашуу катты (Гранттык макулдашуу) ишке ашыруунун максаты – 1860 МВт белгиленген кубаттуулугу болгон Камбарата -1 ГЭСин куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемени актуалдаштыруу болуп саналат.

"Долбоорду ишке ашыруу электр энергиясына болгон муктаждыкты жабууну камсыздоого жана энергетика секторунун финансылык абалын бекемдөөгө жана аны туруктуу өнүгүү жолуна алып чыгууга мүмкүндүк берет, бул сектордогу компаниялардын финансылык абалын жана кредиттик жөндөмдүүлүгүн жакшыртууга өбөлгө түзөт. Долбоордун жалпы суммасы-5 млн АКШ доллары, анын ичинен: насыя – 3 млн АКШ доллары, грант – 2 млн АКШ доллары. Насыянын мөөнөтү-50 жыл, жеңилдетилген мөөнөт – 10 жыл, пайыздык чен – 0%", - деди баяндамачы.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорун колдоп, долбоор электр энергиясына болгон муктаждыкты жабууга мүмкүндүк берерин белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан түрк мамлекеттери менен биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Кыргызстан түрк мамлекеттери менен биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Президент Садыр Жапаров бүгүн, Түркия Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын 13-саммитине катышып сөз сүйлөдү.  Мамлекет башчысы өз сөзүндө азыркы геосаясий жана экономикалык өзгөрүүлөрдүн шартында Түрк мамлекеттер уюмунун ролу өсүп жатканына токтолуп, Кыргызстан биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып, өндүрүштүк чынжырларды түзүүгө кызыкдар

Ишкер Media
Өлкөдө бир каржы пирамидасы элден 5 млрд сом чогултуп алган

Өлкөдө бир каржы пирамидасы элден 5 млрд сом чогултуп алган

Кыргызстанда бир ири компания Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын брокердик лицензиясын колдонуп, өзүнө караштуу дагы 20-22 ишкана ачып, элден 5 млрд сом чогулткан. Бул тууралуу Финансылык көзөмөл кызматынын төрагасы Кайрат Маматов “Биринчи радионун” эфиринде айтты. Анын маалыматына караганда, сөз болуп жаткан компания каражатты пайызга алган. Мындай ишмердик

Ишкер Media
ИИМ интернет алдамчылар көбөйгөнүн дагы да эскертүүдө

ИИМ интернет алдамчылар көбөйгөнүн дагы да эскертүүдө

ИИМ интернет-алдамчылык фактылары көбөйүп жаткандыгына байланыштуу жарандарды жеке маалыматтарын жана аккаунттарын коргоого чакырат. Министрликтин маалыматына ылайык, алдамчылар өздөрүн уюлдук операторлордун, банктардын же башка мекемелердин кызматкерлери катары тааныштырып, колдонуучулардан аккаунтка кирүү үчүн ырастоо коддорун алууга аракет кылышууда. Мындай аракеттер акыркы күндөрү көбөйгөнүн MEGA оператору да билдирген. ИИМ жарандарга мессенджерлерде эки

Ишкер Media
Турак жайды камсыздандыруу: төлөмдөр, талаптар жана жарандардын укуктары

Турак жайды камсыздандыруу: төлөмдөр, талаптар жана жарандардын укуктары

Кыргызстанда турак жайды милдеттүү түрдө камсыздандыруу каралган. Ал өлкө мыйзамдарына ылайык шаарларда да, айыл жергесинде да колдонулат. Алдыда турак жайды камсыздандыруу акысы, керектүү документтер, бүгүнкү күнгө карата аткарылган төлөмдөр тууралуу сөз кылабыз. "Ишкер" медиа сайтынын суроолоруна Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун басма сөз кызматынан жооп беришти. — Өлкөдө турак жайды камсыздандыруу

Ишкер Media