Бишкекке 124 жаңы автобус келди – долбоорду ЕРӨБ менен Япония каржылады

Бишкекке 124 жаңы автобус келди – долбоорду ЕРӨБ менен Япония каржылады

Бишкекке 124 жаңы автобус келди. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.

Такталгандай, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан каржыланган «Жашыл шаарлар 2, терезе 2» программасынын «Бишкек автобустары» долбоорунун алкагында узундугу 10.5 метр болгон 124 кысылган жаратылыш газы менен иштеген автобустар «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасына тапшырылды.

Долбоор Япония өкмөтүнүн грантынын эсебинен да колдоого алынган.

Мындан тышкары окуңуз

Ички жана импортко салынган КНС 2 айда жалпы жыйымдардын 3/1 бөлүгүн түздү

Ички жана импортко салынган КНС 2 айда жалпы жыйымдардын 3/1 бөлүгүн түздү

2026-жылдын январь–февраль айларында салыктарды жана төлөмдөрдү чогултуу түзүмүндө эң чоң үлүштү Кыргызстан аймагында өндүрүлгөн товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн кошумча нарк салыгы (КНС) — 17%ды, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импортко салынуучу КНС — 16%ды түзгөнүн Мамлекеттик салык кызматынын маалыматында айтылат. Жеке жактар — Кыргызстан резиденттери үчүн киреше салыгынын үлүшү 11%

Ош шаарындагы ири көчөгө асфальт төшөлүүдө

Ош шаарындагы ири көчөгө асфальт төшөлүүдө

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин жетекчилиги алдында Бекмамат Осмонов көчөсүндө асфальттоо иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы ырастады. Маалыматка ылайык, аталган объектиде жумуш кызуу жүрүп, 20 техника, 30дан ашуун жумушчу иштеп жатат.  Быйылкы жылга бул көчөнүн 10,6 чакырымын реконструкциялоо пландалган. Тактап айтканда, Мамыров көчөсүнүн Ак-Тилек

Дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматкерлердин маянасы көтөрүлдү

Дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматкерлердин маянасы көтөрүлдү

Дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатууга багытталган Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтому кабыл алынды. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-апрелинен тартып агенттиктин кызматкерлери жогорулатылган эмгек акы алышат. Бул чара кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууга, материалдык кызыкчылыгын күчөтүүгө

Ошто кабаттуу үйлөрдүн фасаддары жаңыланып жатат

Ошто кабаттуу үйлөрдүн фасаддары жаңыланып жатат

Ошто көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддары жаңыланып жатканын мэриядан билдиришти.  Азыркы учурда Анар 15-В жана Анар 15-Б даректериндеги көп кабаттуу турак үйлөрдүн сырткы фасаддары сырдалып жатат. Ошондой эле Манас-Ата аймактык башкармалыгындагы И. Раззаков көчөсүнүн №26 көп кабаттуу турак үйүнүн да фасадын сырдоо иштери жүрүп жатат. Аталган иштер Ош шаарынын мэриясынын кош