Швейцариялык Bartholet Swiss Бишкекте аркан жол системасын куруп берүүгө жардам берет

Швейцариялык Bartholet Swiss Бишкекте аркан жол системасын куруп берүүгө жардам берет

Швейцариянын Флумус шаарында 2024-жылдын 30-январында Bartholet Swiss компаниясынын штаб-квартирасында Бишкектин мэри Айбек Джунушалиев менен ишкананы ээси жана президенти Роланд Бартолеттин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.

Жыйында Бишкек шаарынын мэриясы менен Bartholet Swiss ортосунда кызматташуу боюнча алкактык макулдашууга кол коюлуп, Бишкек шаарында аркан жол системасы долбоорун ишке ашыруу планы бекитилди.

Белгилей кетсек, бул шаардын тургундары жана коноктору үчүн заманбап жана эффективдүү транспорттук чечимдерди камсыз кыла турган шаардык инфраструктураны өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.

Бул демилге заманбап жана туруктуу шаар чөйрөсүн түзүүнүн негизги фактору болуп калат.

Read more

Элдик комиссия Жерүйгө барды

Элдик комиссия Жерүйгө барды

2024-жылдын 19-сентябрында «Альянс Алтын» компаниясынын демилгеси менен «Жерүй» кенин иштетүүнү көзөмөлдөө боюнча элдик комиссиянын төрагасы Айдарбек Момунтаев баштаган делегация алтын ылгоочу фабриканын калдык сактоочу жайынын экинчи баскычынын курулуш процесси менен таанышышты. Бул тууралуу ишкана билдирди. Делегация компаниянын өкүлдөрү менен кошо биринчи баскычтагы калдык сактоочу жайды карап чыгып, андан соң экинчи

Жыл башынан бери «Альянс Алтын» бюджетти 4.3 млрд сомго толуктады

Жыл башынан бери «Альянс Алтын» бюджетти 4.3 млрд сомго толуктады

2015-жылдан 2024-жылдын май айына чейин «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 20.46 млрд сом салык төлөдү. Алардын ичинен 2024-жылдын август айында 814.6 млн сом төлөнүп, жыл башынан бери бул сумма 4.3 млрд сомду түздү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Мындан тышкары, 2021-жылдын апрелинен 2024-жылдын май айына чейин

Sendy жана «Мир Привилегий» тиркемелери аркылуу россиядан акча которуулар

Sendy жана «Мир Привилегий» тиркемелери аркылуу россиядан акча которуулар

Sendy жана «Мир Привилегий» тиркемелеринин жардамы менен акча которуулар дароо сиздин картаңызга кыргыз сому менен чегерилет. Жөнөтүүчү тиркемелердин биринде сиздин картаңыздын номерин киргизип, Компаньон Банкын тандашы керек. Акча которуулардын артыкчылыктары: * Комиссия 0%* * Которуулар бир заматта чегерилет * Ыңгайлуу конверсия курстары «Мир Привилегий» тиркемеси аркылуу которууну кантип жөнөтсө болот: * "Рекомендуем"

Жерүй дарыясына ГЭС курулат – долбоорду «Альянс Алтын» колдойт

Жерүй дарыясына ГЭС курулат – долбоорду «Альянс Алтын» колдойт

Талас облусундагы Жерүй ГЭСин «Альянс Гидро» жана РКӨФ компаниялары курат. Тараптардын ортосундагы келишимге 12-сентябрда Ысык-Көлдө өткөн VI Кыргыз-Орус экономикалык форумунда кол коюлган. «Альянс Гидро» компаниясынын жетекчиси Александр Абрамов белгилегендей, тараптар ГЭСтин курулушун 25 млн долларга каржылоо боюнча келишимге кол коюшту, анын кубаттуулугу жылына 100гө жакын мегаваттка чейин жетет, жылына 1