Баткендик 30 ишкер-айымга 2.6 млн сомдук грант берилди

Баткендик 30 ишкер-айымга 2.6 млн сомдук грант берилди

Чек арада жайгашкан Баткен районунун Актатыр, Самаркандек, Кара-Бак, Ак-Сай айыл аймактарындагы 30 аял, атайын окутуулардан өтүп, өз ишкердигин баштады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14 ишкер тигүүчүлүк боюнча, 1 мототакси кызматын уюштуруу, 2 малина өстүрүү, 2 азык-түлүк дүкөнүн ачуу, 8 кондитердик азыктарды даярдоо, 3 сүт азыктарын сатуу багытында ишкердик менен алектенип  жатышат.

Аялдардын ишкердиги «Баарлашуу, ишеним, укук» Коомдук Бирикмеси тарабынан колдоого алынып, жалпы 2 млн 610 миң сомдук грант берилген. 

Аталган бирикме бул иш аракетти, Баткен облусунун чек ара аймактарында чыр-чатактан кийинки калыбына келтирүүгө  жана тынчтык орнотууга аялдардын катышуусун күчөтүүгө багытталган «Аялдар тынчтык үчүн» долбоорунун алкагында ишке ашырды.

Долбоор Баткен облусунун чек ара аймактарындагы аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга,  аялдардын лидерлигине үйрөтүү, бизнес долбоорлорду иштеп чыгуу жана баштоо, ошондой эле жергиликтүү тынчтык демилгелерин  көтөрүүгө багытталган.  

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда коомдук тамактануу тармагында соода жүгүртүү 28,7 млрд сомду түздү

Кыргызстанда коомдук тамактануу тармагында соода жүгүртүү 28,7 млрд сомду түздү

Кыргызстанда коомдук тамактануу тармагы туруктуу өсүштү көрсөттү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь-июль айларында ресторандар, барлар жана тамак-аш жеткирүү кызматтарынын жүгүртүүсү 28 млрд 714,6 млн сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,3% өскөн. 2026-жылдын алгачкы жети айында Кыргызстандагы мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн

Жаңы окуу жылында Таластагы “Акылман” лицейинде 96 окуучу билим алат

Жаңы окуу жылында Таластагы “Акылман” лицейинде 96 окуучу билим алат

Талас шаарындагы “Акылман” президенттик лицейи жаңы окуу жылында 7-8-класска кабыл алынган 96 окуучуга эшигин ачат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 18-августта агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева лицейдин ачылышына карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштери менен таанышты. Ошондой эле мугалимдерди сынактык негизде кабыл алуунун маанилүүлүгүнө

“Манас” аба майданында расмий такси кызматтары гана иштей алат

“Манас” аба майданында расмий такси кызматтары гана иштей алат

“Манас” эл аралык аба майданы “Кыргызстан аэропорттору” ААК менен келишим түзгөн расмий такси компаниялары гана иштей алышат. Бул тууралуу компаниянын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов журналисттерге билдирген. Анын айтымына караганда, таксилер белгиленген талаптарга жооп бериши керек. Тактап айтканда, автопарк жаңы жана бренддүү болушу керек.  Самидинов аба майданы өзүнүн такси кызматын түзүүнү

Нарын облусунда Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы кандай белгиленет?

Нарын облусунда Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы кандай белгиленет?

Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Нарын облусунда маданий, спорттук жана салтанаттуу иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Нарын шаарында негизги иш-чаралар Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта өтүп, анда майрамдык салтанат жана күндүзгү концерттик иш-чара уюштурулат. Ал эми Жээк аллеясында шаар тургундары жана