Папан суу сактагычына кыйталык ишкана чакан ГЭС куруп берет

Папан суу сактагычына кыйталык ишкана чакан ГЭС куруп берет

Ош облусунунда жайгашкан Папан суу сактагычына 20-25 МВтка чейинки чакан ГЭС куруу боюнча «Чакан ГЭС» ААКсы менен «Гидроэнергетика куруу боюнча кыргыз-кытай биргелешкен коому» ЖЧК ортосунда Макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Макулдашууга «Чакан ГЭС» ААКтын Башкы директору Н.М. Садыков жана «Гидроэнергетика куруу боюнча кыргыз-кытай биргелешкен коому» ЖЧКсынын башкы директору Цзян Лицзи кол коюшту.

Маалыматка ылайык, инвестициялык долбоордун көлөмү 27 миллион долларды түзөт.

Ошондой эле аталган компания КРнын бардык мыйзамдарын сактоого милдеттенме алды.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик органдарды, ЖОЖдорду Токмокко көчүрүү демилгеленди

Мамлекеттик органдарды, ЖОЖдорду Токмокко көчүрүү демилгеленди

Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Саккараев жыйын учурунда айрым жогорку окуу жайларын Токмок шаарына көчүрүү демилгесин көтөрдү. Эл өкүлү көптөгөн өлкөлөрдө атайын студенттик шаарчаларды түзүү тажрыйбасы бар экенин белгиледи. "Эгерде биз Токмокту студенттик шаарчага айландырсак, бул абдан жакшы болот, себеби ал борбор калаага жакын жайгашкан. Ошондой эле айрым мамлекеттик органдарды,

Баткенде 133 жаран чакан ишкерликти өнүктүрүү үчүн грант алат

Баткенде 133 жаран чакан ишкерликти өнүктүрүү үчүн грант алат

Баткен облусунда 133 жаран ишкердикти өнүктүрүү үчүн грант алат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.  Маалыматка ылайык, кайтарымсыз жардам Министрлер Кабинети менен Дүйнөлүк банктын ортосунда жетишилген макулдашууларга ылайык берилүүдө.  Чакан жана орто бизнести колдоого багытталган кичи гранттар программасы АРИС уюму тарабынан ишке ашырылууда.  Бүгүн аталган долбоордун алкагында сынактан ийгиликтүү өткөн

Чүйдө 1 250 гектардан зыянкеч чегиртке аныкталып, чара көрүлө баштады

Чүйдө 1 250 гектардан зыянкеч чегиртке аныкталып, чара көрүлө баштады

Чүй облусунда зыянкеч чегирткелерге каршы изилдөө-мониторинг иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, адистер жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Панфилов районунун Фрунзе, Курама жана Орто-Кайыңды айыл аймактарында, ошондой эле Сокулук районунун Төмөнкү Чүй

Бишкекте электр тармактар ишканасында коррупциялык схема аныкталды

Бишкекте электр тармактар ишканасында коррупциялык схема аныкталды

Бишкек электр тармактар ишканасында коррупциялык схема аныкталып, ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы билдирди. Тергөөнүн маалыматына ылайык, 2023-жылдан 2026-жылдын март айына чейин ишкананын жетекчилиги жана бухгалтерия кызматкерлери алдын ала сүйлөшүп алып, мамлекеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча туруктуу схеманы уюштурушкан. Аталган схемага ылайык, жасалма ведомосттор