Кыргызстан Эл аралык валюта фонду менен Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун талкуулады

Кыргызстан Эл аралык валюта фонду менен Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтонго  болгон жумуш сапарынын алкагында Эл аралык валюта фондунун башкаруучу директорунун орун басары Бо Ли менен жолукту. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Жапаров республиканын учурдагы макроэкономикалык абалына кеңири токтолуп, энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна өзгөчө көңүл бурду.

Ал бул стратегиялык долбоордун масштабын, ошондой эле өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу жана экономикалык өсүш үчүн потенциалдуу дивиденддерди эске алуу менен бул эбегейсиз зор долбоорду ишке ашырууда Кыргызстан кызматташуунун ар кандай ыкмаларын карап чыгууга даяр экенин белгиледи.

Өз кезегинде Бо Ли глобалдык экономиканын учурдагы чакырыктары боюнча өзүнүн пикири менен бөлүшүп, инфляциянын тездик менен өсүшү, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жана табигый кырсыктарды белгиледи. Ал ошондой эле 2024-жылы Кыргыз Республикасына баруу пландары бар экенин кошумчалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бардык артыкчылыктуу маселелер, анын ичинде бул жолугушууда талкууланган маселелер боюнча активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашышты.

Жолугушууда тараптар өз ара аракеттенүүнү дагы арттыруу, ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу сыяктуу инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, климаттын өзгөрүшү жана жашыл экономиканы өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары окуңуз

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык "Жашыл шаар" сынагында биринчи орунду ээлеген объектилерге барып, жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды тапшырды. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, жеңүүчүлөргө 200 миң сомдук акчалай сертификаттар тапшырылды. Алар: * Токтоналиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан "Тулпар" турак жай ээлеринин шериктештиги (ТСЖ) "Эң мыкты жашыл

Ишкер Media
Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Маалыматка ылайык, объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт. Мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метр.

Ишкер Media
Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media