Евробиримдик Кыргызстанга 6,5 млн евро грант бөлдү

Евробиримдик Кыргызстанга 6,5 млн евро грант бөлдү

Европа Биримдиги Кыргызстандын билим берүү системасын колдоо максатында 6,5 млн евро (болжол менен 663 млн сом) өлчөмүндө гранттык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Грант мектептик билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, бардык балдар үчүн жеткиликтүүлүктү камсыздоого жана эмгек рыногуна ылайык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган. Ошондой эле STEM багытын өнүктүрүүгө, санарип жана медиа сабаттуулукту жогорулатууга, “жашыл көндүмдөрдү” жайылтууга жана жаңы окуу китептери менен камсыздоого көмөктөшөт.

Бул транш Кыргызстандагы “Алтын Казык” улуттук билим берүү программасын ишке ашыруунун алкагында Европа Биримдиги тарабынан бөлүнгөн жалпы 27 млн евронун үчүнчү төлөмү болуп саналат.

ЕБнын “Global Gateway” стратегиясы билим берүү тармагын инклюзивдүү, санариптик жана экологиялык жактан туруктуу өнүктүрүүнүн негизги бөлүгү катары карайт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Гранттар жана кредиттер

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген