Ушул жылдын 9 айында 797 миң адам 63 млрд сом микрокредит алган

Ушул жылдын 9 айында 797 миң адам 63 млрд сом микрокредит алган

Ушул жылдын январь-сентябрында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 63 млрд сомдон ашык суммада кредит берилди. Бул кредиттердин алуучуларынын саны 797 миң адамга жакын болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Муну менен бирге, микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,2%га кыскарган, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү тескерисинче 33,6%га өскөн.

Микрокредиттерди алуучулардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарына (жалпы санынын 32,5%ы), Ош облусуна (16%), Жалал-Абад (13%дан ашык) жана Чүй (11%га жакын) облустарына туура келди.

Кредиттин эң көп суммасы да ушул аймактарга багытталды. Бишкек шаарынын алуучуларына берилген микрокредиттер жалпы көлөмдүн 28%ын түзсө, Ош – 16%, Жалал-Абад – 14% жана Чүй – 13%дан ашык бөлүктү түздү.

Кредиттердин максаты боюнча жалпы көлөмдүн 62%дан ашыгы керектөө муктаждыктарына, 15%дан ашыгы айыл чарбасын өнүктүрүүгө, 9,5%ы соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө багытталды. Өткөн жылга салыштырмалуу керектөө муктаждыктарына берилген микрокредиттердин үлүшү 9,7%дык пунктка көбөйсө, айыл чарбасына берилген кредиттердин үлүшү 4,6%дык пунктка кыскарган.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media