"Кара-Балта – Чалдовар" автожолун реконструкциялоо үчүн 15 млн евро грант макулдашылды

"Кара-Балта – Чалдовар" автожолун реконструкциялоо үчүн 15 млн евро грант макулдашылды

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн Транскаспий транспорт коридору жана өз ара байланыш боюнча инвесторлор форумуна катышты.

Министрликтин маалыматына ылайык, иш-чарада ал Европа Биримдигине жана Өзбекстан Өкмөтүнө жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Бекназар Базаралиев Транскаспий транспорт коридорун өнүктүрүүнүн Кыргызстан үчүн стратегикалык маанисине токтолуп, бул багыт эл аралык жана региондук байланыштарды бекемдөөгө, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, ошондой эле өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын жаңылоо иштерине түздөн-түз байланышта экенин белгиледи. Ал ошондой эле эл аралык донорлордун, анын ичинде Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) салымын баса белгиледи.

Форумдун алкагында ЕРӨБ жана Европа банкы менен "Кара-Балта – Чалдовар" автожолун реконструкциялоо долбоору үчүн 15 миллион евро грант жана техникалык колдоо боюнча макулдашууга кол коюлду.

Ошондой эле Базаралиев Евробиримдиктин Кыргызстандагы элчиси Реми Дюфло жана Чехиянын транспорт министри Мартин Купка менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, транспорт тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү, инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрүү, логистика жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Министрлик транспорттук инфраструктураны модернизациялоо жана региондук транзиттик потенциалды кеңейтүүгө багытталган демилгелерди улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Эл аралык иш-чарада экологиялык укуктарды сот аркылуу коргоо, эл аралык тажрыйбаны улуттук соттук практикага киргизүү жана жаратылыш ресурстарын сактоо маселелери талкууланды. Бул тууралу Жогорку соттун басма өз кызматынан кабарлашты. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Бельгиянын жана Түштүк Африканын сот тутумдарынын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана экологдор катышышты. Жогорку соттун төрагасы

Ишкер Media
“Агроазык-түлүк тармагындагы инновациялар күнү — 2026” белгиленди

“Агроазык-түлүк тармагындагы инновациялар күнү — 2026” белгиленди

16-октябрда Кыргыз улуттук агрардык университетинде Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө арналган “Агроазык-түлүк тармагындагы инновациялар күнү - 2026” иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. Иш-чараны БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Ишкер Media
Кыргызстан менен Армения билим берүү тармагындагы кызматташууну бекемдейт

Кыргызстан менен Армения билим берүү тармагындагы кызматташууну бекемдейт

Президент Садыр Жапаровдун Арменияга болгон расмий сапарынын алкагында КРнын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Армениянын билим берүү, илим, маданият жана спорт министри Жанна Андреасяндын катышуусунда үч тараптуу жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда билим берүүнү санариптештирүү, педагогикалык кадрларды даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле

Ишкер Media
Жол кырсыгынан улам, Бишкектин транспорт департаменинин директору кызматтан кетти

Жол кырсыгынан улам, Бишкектин транспорт департаменинин директору кызматтан кетти

Кече, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлашты. Улан Бейшенбаев аталган кызматты 2024-жылдын 17-январынан бери аркалап келе жаткан. Азырынча бул кызматка ким дайындалаары тууралуу маалымат берилген жок. Буга чейин муниципалдык коомдук транспорттун катышуусундагы

Ишкер Media