ЖК аймактардагы суу долбоорлору үчүн 20 млн доллар насыяны жактырды

ЖК аймактардагы суу долбоорлору үчүн 20 млн доллар насыяны жактырды

Жогорку Кеңештин агрардык саясат боюнча комитети ОПЕК фонду менен түзүлгөн кредиттик макулдашууну биринчи окууда колдоду. Анын алкагында аймактардагы суу менен камсыздоо системасын жакшыртуу үчүн 20 миллион доллар каражат тартылат.

Маалыматка ылайык, бул каражаттар Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы 126 калктуу конушта таза суу жана санитария шарттарын жакшыртууга жумшалат. Долбоор жалпы бюджети 200 миллион болгон улуттук программанын бир бөлүгү болуп эсептелет.

Кредит 20 жылга берилет, анын 5 жылы жеңилдетилген мөөнөт болуп саналат. Пайыздык чен жылына 1,25%деңгээлинде белгиленген.

Ошондой эле комитет жыйынында мал чарбасындагы асыл тукум ишин өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды. Документ тармактагы укуктук жөнгө салууну өркүндөтүүгө багытталган.

Депутаттар асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү фермерлерди колдоого, эт рыногундагы туруктуулукка жана жайыттарды сарамжалдуу пайдаланууга шарт түзүшү керектигин белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Эл аралык иш-чарада экологиялык укуктарды сот аркылуу коргоо, эл аралык тажрыйбаны улуттук соттук практикага киргизүү жана жаратылыш ресурстарын сактоо маселелери талкууланды. Бул тууралу Жогорку соттун басма өз кызматынан кабарлашты. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Бельгиянын жана Түштүк Африканын сот тутумдарынын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана экологдор катышышты. Жогорку соттун төрагасы

Ишкер Media
“Агроазык-түлүк тармагындагы инновациялар күнү — 2026” белгиленди

“Агроазык-түлүк тармагындагы инновациялар күнү — 2026” белгиленди

16-октябрда Кыргыз улуттук агрардык университетинде Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө арналган “Агроазык-түлүк тармагындагы инновациялар күнү - 2026” иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. Иш-чараны БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Ишкер Media
Кыргызстан менен Армения билим берүү тармагындагы кызматташууну бекемдейт

Кыргызстан менен Армения билим берүү тармагындагы кызматташууну бекемдейт

Президент Садыр Жапаровдун Арменияга болгон расмий сапарынын алкагында КРнын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Армениянын билим берүү, илим, маданият жана спорт министри Жанна Андреасяндын катышуусунда үч тараптуу жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда билим берүүнү санариптештирүү, педагогикалык кадрларды даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле

Ишкер Media
Жол кырсыгынан улам, Бишкектин транспорт департаменинин директору кызматтан кетти

Жол кырсыгынан улам, Бишкектин транспорт департаменинин директору кызматтан кетти

Кече, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлашты. Улан Бейшенбаев аталган кызматты 2024-жылдын 17-январынан бери аркалап келе жаткан. Азырынча бул кызматка ким дайындалаары тууралуу маалымат берилген жок. Буга чейин муниципалдык коомдук транспорттун катышуусундагы

Ишкер Media