Зергерчилик тармагындагы субъекттерге жеңилдетилген насыя берилет

Зергерчилик тармагындагы субъекттерге жеңилдетилген насыя берилет

Мамлекеттик салык кызматы зергерчилик тармагындагы субъекттерге жеңилдетилген насыя берүү тартиби бекитилгенин маалымдады.

Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-апрелиндеги тескемеси менен бекитилип, зергерчилик тармагындагы субъекттерге жеңилдетилген насыя берүүнү карайт.

Жеңилдетилген каржылоо зергерчилик тармагындагы субъекттерге жабдууларын жаңылоого мүмкүнчүлүк берип, өндүрүш кубаттуулугун кеңейтүүгө жагымдуу шарттарды түзөт жана ата мекендик зер буюмдарынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.

Долбоор мамлекеттин зергерчилик тармагын колдоо жана өнүктүрүү боюнча кезектеги системалуу кадамы болуп саналат. Аны ишке ашыруу алдыңкы мамлекеттик банктар "Айыл Банк" ААК жана "Элдик Банк" ААК аркылуу жүргүзүлөт.

Банктар төмөнкү шарттар менен насыя берүүгө же каржылоого милдеттендирилет:
Суммасы 90 млн сомго чейин; 
Насыя мөөнөтү: 60 ай; 
Акыркы алуучу үчүн пайыздык ставка: жылдык 6 пайыз; 
Жеңилдетилген мөөнөт: 180 күн. 

Катышуучу банктарга зергерлерге насыя берүүдө комиссияларды жана башка жыйымдарды алуудан баш тартуу сунушталды. Бул насыянын бизнес үчүн мүмкүн болушунча пайдалуу болуусун камсыз кылат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Эл аралык иш-чарада экологиялык укуктарды сот аркылуу коргоо, эл аралык тажрыйбаны улуттук соттук практикага киргизүү жана жаратылыш ресурстарын сактоо маселелери талкууланды. Бул тууралу Жогорку соттун басма өз кызматынан кабарлашты. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Бельгиянын жана Түштүк Африканын сот тутумдарынын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана экологдор катышышты. Жогорку соттун төрагасы

Ишкер Media
“Агроазык-түлүк тармагындагы инновациялар күнү — 2026” белгиленди

“Агроазык-түлүк тармагындагы инновациялар күнү — 2026” белгиленди

16-октябрда Кыргыз улуттук агрардык университетинде Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө арналган “Агроазык-түлүк тармагындагы инновациялар күнү - 2026” иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. Иш-чараны БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Ишкер Media
Кыргызстан менен Армения билим берүү тармагындагы кызматташууну бекемдейт

Кыргызстан менен Армения билим берүү тармагындагы кызматташууну бекемдейт

Президент Садыр Жапаровдун Арменияга болгон расмий сапарынын алкагында КРнын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Армениянын билим берүү, илим, маданият жана спорт министри Жанна Андреасяндын катышуусунда үч тараптуу жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда билим берүүнү санариптештирүү, педагогикалык кадрларды даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле

Ишкер Media
Жол кырсыгынан улам, Бишкектин транспорт департаменинин директору кызматтан кетти

Жол кырсыгынан улам, Бишкектин транспорт департаменинин директору кызматтан кетти

Кече, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлашты. Улан Бейшенбаев аталган кызматты 2024-жылдын 17-январынан бери аркалап келе жаткан. Азырынча бул кызматка ким дайындалаары тууралуу маалымат берилген жок. Буга чейин муниципалдык коомдук транспорттун катышуусундагы

Ишкер Media