Оштогу ооруканага 11,5 млн долларлык медициналык жабдык берилет

Оштогу ооруканага 11,5 млн долларлык медициналык жабдык берилет

Япониянын JICA эл аралык кызматташтык агенттиги гранттык негизде Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жалпы баасы 11,5 млн АКШ долларын түзгөн медициналык жабдыктарды берет. Бул тууралуу бүгүн Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев ооруканага болгон иш сапарынын алкагында билдирди.

Иш сапарга Жогорку Кеңештин "Ала-Тоо" депутаттык тобунун жетекчиси Таалайбек Масабиров жана депутаттар да катышты.

Жолугушууда JICA тарабынан бериле турган медициналык жабдууларды жайгаштыруу маселеси талкууланды. Анын алкагында ангиограф жана компьютердик томограф аппараттарын орнотуу үчүн кошумча имарат куруу пландалды.

Мындан тышкары, делегация капиталдык оңдоодон өткөн бөлүмдөр менен таанышып, оорукананын эмгек жамааты менен жолугушуу өткөрдү.

Маалыматка ылайык, JICA долбоорунун алкагында ооруканага 31 түрдүү, жалпы 130 даана медициналык жабдык жеткирилет. Алардын жалпы сметалык баасы 11,5 млн АКШ долларын түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү тармагы талкууланды

Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү тармагы талкууланды

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Түркиянын Жогорку билим берүү кеңешинин төрагасы Эрол Өзвар менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Алар илим жана билим берүү тармагындагы интеграцияны сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгарууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Билдирүүгө ылайык, тараптар жогорку

Ишкер Media
Кыргызстан менен Камбоджа кош салык салууну жоюу боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Камбоджа кош салык салууну жоюу боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Камбоджанын делегациялары кирешелерге кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу боюнча макулдашуунун долбоорун талкуулашты. Бул тууралуу Экономика министрлиги маалымдады. Билдрирүүгө караганда, сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду 26–28-октябрь күндөрү видеоконференция форматында өттү. Анда тараптар салык салууга байланышкан негизги маселелерди карап, бир катар принципиалдуу жоболор боюнча макулдашууга

Ишкер Media
Оштогу таза суу маселеси: Еврация фонду 60 миллион доллар насыяны 20 жылдык мөөнөткө берүүдө

Оштогу таза суу маселеси: Еврация фонду 60 миллион доллар насыяны 20 жылдык мөөнөткө берүүдө

Бүгүн, 28-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасы менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун айылдагы калктуу конуштарын суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу” долбооруна каржылоо берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлайт. Жыйында

Ишкер Media
McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

Кыргызстанга азык-түлүк жеткирүү пландары боюнча мурда айтылган McDonald’s ресторандар тармагынын ордуна Орусиянын "Вкусно - и точка" тармагы аталды. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги тактады. Министрликтин жаңыланган маалыматына ылайык, "РУЛОГ" компаниясы Burger King жана "Вкусно - и точка" ресторандар тармактары үчүн азык-түлүк

Ишкер Media