Токтогулда суу быйыл былтыркыдан 2.9 млрд куб метрге аз. Энергетиктер электр жарыгын үнөмдөөгө чакырат

Токтогулда суу быйыл былтыркыдан 2.9 млрд куб метрге аз. Энергетиктер электр жарыгын үнөмдөөгө чакырат

Быйыл Нарын дарыясындагы суунун агып келиши аз болду. Өткөн жылы суунун көлөмү 14 млрд 745 млн кубду түзсө, быйыл 11 млрд 868 млн куб болду, ортодо 2.9 млрд куб метр суу айырма болууда. Бул тууралуу «Электр станциялар» мекемесинин техникалык өндүрүш бөлүмүнүн башчысынын орун басары Азим Жумаев бүгүн, 4-ноябрда «Биринчи радионун» эфиринде билдирди жана ал кыргызстандыктарды электр жарыгын үнөмдөөгө чакырды.

Анын айтымында, энергетиктердин эсебинде бир жылда 1 млрд кВт/с электр кубатын үнөмдөсө болот, бирок азыр электр энергиясын пайдалануу чектен ашып кетти, анткени керектөөчүлөрдүн саны өсүүдө. Буга байланыштуу мамлекет импорт маселесин карап келет.

«Түркмөнстандан 500 млн кВт электр энергиясын алуу боюнча келишим түзүлгөн. Ошондой Казакстан жана Өзбекстандан товар алмашуу негизинде алабыз, алар бизге кышта берет, биз аларга жайкысын кайтарабыз. Анын көлөмү 1млрд 650 млн кВт/с каралган. Өзбекстан быйыл берген планын аткарды, Казакстан болсо график боюнча жеткирүүнү жүргүзүп жатат. Бишкек ЖЭБ быйыл 2-3 млрд кВт/с электр энергиясын өндүрүүсү күтүлүүдө. Ошол эле 2020-жылы аталган ЖЭБ 1 млрд кВт/с өндүргөн, быйыл эки эсе көп өндүрүү пландалууда», – деди ал.  

Ошондой эле Азим Жумаевдин билдиришинче, мурда белгилүү болгондой быйыл Нарын дарыясындагы суунун агып келиши аз болгон. Бул көрүнүштү ал суунун агуу циклине байланыштырды.

«Токтогул суу сактагычындагы суу быйыл 11 млрд 868 млн кубду түзсө, былтыры 14 млрд 745 млн кубду түзгөн, бул демек, 2.9 млрд суу айырма болууда. Токтогул суу сактагычынан чыккан суу кайрадан каскаддык Курук-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай жана Үч-Коргон ГЭСтерине турбина аркылуу өтөт. Суунун агуу циклдери бар, мисалы, 4-5 жыл суу жакшы келсе, кийинки жылдары аз келүү коркунучтары бар», – деди ал.

Энергетика тармагындагы эксперт Эрнест Карыбековдун айтымында, күз-кыш жылытуу мезгилинде электр энергиясын суткалык керектөө 60 млн кВт/сааттан ашса, ноябрдан мартка чейин Кыргызстан 9 млрд кВт/саатка жакын электр энергиясына муктаж.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэри Фучик көчөсүндөгү жайма базардагы соодагерлерге эскертүү берди

Бишкек мэри Фучик көчөсүндөгү жайма базардагы соодагерлерге эскертүү берди

Бишкек шаарынын мэри бүгүн ордо калаанын Фучик көчөсүндөгү жайма базардагы жагдай менен жеринен таанышып келди. Айбек Жунушалиев базарды кыдырып, андагы баш аламан соодага назарын бөлүп, соодагерлер менен баарлашты. Жайма базарга баруунун жүрүшүндө шаар башчы, базарда соода кылгандарга соода жүргүзүүдө эрежелерди так сактап, жашыл аймакты тебелейбей, эл басуучу жолду жаппай, тартипти

Бишкекте өткөн ишембиликте 230 тоннадан ашык таштанды чыгарылды

Бишкекте өткөн ишембиликте 230 тоннадан ашык таштанды чыгарылды

25-апрелде өткөн жалпы шаардык ишембиликке 36 миңден ашык шаар тургуну катышты. Биргелешкен аракеттердин натыйжасында 230 тоннадан ашык таштанды жыйналып, ошондой эле 48 чакырымдан ашуун ирригациялык тармактар тазаланды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалымтка карганда, санитардык тазалоо иштери короолордо, парктарда, скверлерде жана социалдык объекттердин айланасын камтыды. Айрыкча ирригациялык

Ошто 34 млн 400 миң сомго жаңы жол курулду

Ошто 34 млн 400 миң сомго жаңы жол курулду

Бүгүн 26-апрелде  Ош шаарында Х.Абдуллаев көчөсүнүн оңдолгон бөлүгү пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шарынын мэри Жанарбек Акаев жана шаар тргундары катышты. Жүргүзүлгөн иштерди натыйжасында жол толугу менен жаңыланып, жөө жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарт түзүлдү. Долбоордун жалпы наркы 34

Гумандуулуктун экономикасы: Бишкекте жаныбарларды жок кылуудан баш тартуу канчага турат

Гумандуулуктун экономикасы: Бишкекте жаныбарларды жок кылуудан баш тартуу канчага турат

Жаныбарлар цивилизациянын шериктери болуп саналат. Иттер менен мышыктар илгертен бери адамдар менен бирге жашап келишкен. Коом өнүккөн сайын кээ бир ит-мышыктар үйгө шерик болуп калышса, айрымдары башка тагдырга туш болушкан. Кыргызстанда шаарлар өскөн сайын жолбун жаныбарлардын көйгөйү курчуп баратат. Шаар тургундарынын көбү аларга ырайымсыз мамиле жасалып жатканын жакшы билишет, бирок