Ошто 34 млн 400 миң сомго жаңы жол курулду
Бүгүн 26-апрелде Ош шаарында Х.Абдуллаев көчөсүнүн оңдолгон бөлүгү пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шарынын мэри Жанарбек Акаев жана шаар тргундары катышты.
Жүргүзүлгөн иштерди натыйжасында жол толугу менен жаңыланып, жөө жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарт түзүлдү.
Долбоордун жалпы наркы 34 млн 400 миң сомду түзүп, каражат жергиликтүү бюджеттен каржыланды.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу