Кыргызстандын бардык туристтик маршруттарында эс алуу бекеттери пайда болот — Телефонду кубаттап, душка түшүп, кофе ичсе болот

Кыргызстандын бардык туристтик маршруттарында эс алуу бекеттери пайда болот — Телефонду кубаттап, душка түшүп, кофе ичсе болот

Кыргызстандын бардык популярдуу туристтик маршруттарында эс алуу пункттары пайда болот. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.

«Илгери саякатчылар Улуу Жибек жолу менен саякаттап жүрүп, Таш-Рабат сыяктуу кербен сарайларга токтоп эс алышкан. Анын заманбап версиялары жакында Кыргызстандын бардык аймактарында пайда болот. Булар нукура, улуу көчмөндөрдүн рухун кылдаттык менен сактаган, жаңы заманбап маанай берген эс алуу жайлары болот», – деп айтылат фонддун билдирүүсүндө.

RestPoint – бул туристтер жана саякатчылар үчүн эс алуу, маалымат алуу жана гаджеттерин заряддоо мүмкүнчүлүгү бар жай. Бул жерде террасада кофе ичип же душка түшүүгө болот. Ар бир RestPoint туристтик интерактивдүү дисплей менен жабдылат, анда саякатчыларга керек болгон маршруттар жана туристтик жерлер, эс алуу зоналары жана жакын жердеги кызыктуу жайлар жөнүндө бардык маалымат камтылат.

Кыргызстанда жалпысынан 68 эс алуу пункту курулат. Алар өлкөнүн бардык аймактарында эң популярдуу жана эң көп туристтик маршруттарда жана шаарлар аралык каттамдарда жайгаштырылат. Алардын ичинен 21 быйыл ачылат.

Бардык эс алуу жайларында душ жана дааратканалар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн атайын жабдылган, намазкана, чакан кофекана, күркө жана заряддоо пункттары болот. RestPoint жыл бою иштей берет. Аларда жылытуу жана ысык суу үчүн күн коллекторлору орнотулат, канализациясы жок жерлерде автономдуу тазалоочу курулуштар курулат.

Долбоорду Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду ишке ашырууда. Бул анын көптөгөн демилгелеринин бири гана. Башка долбоорлордун арасында Бишкектен «Манас» аэропортуна же Ысык-Көлгө жана кайра артка алып бара турган «Шатл» автобустарын ишке киргизүү пландалган. Ошондой эле Кыргызстан боюнча боз үй глэмпингдер тармагын (ачык жаратылыш койнунда эс алуу үчүн люкс жайлар) түзүү каралууда.

«КРда туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ААК түзүү жөнүндө чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон жана фонд ички туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу менен алектенмекчи. Ошондой эле аталган фонддун директорлук кызматына Ak-Sai Travel компаниясынын жетекчиси Елена Калашникова дайындалган.

Туризмди өнүктүрүү фондуна жыл сайын 1 млрд сомдон каражат бөлүнүп, анын капиталын 5 млрд сомго жеткирүү пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан PPR ылаңына каршы 1,5 млн доза вакцина алды

Кыргызстан PPR ылаңына каршы 1,5 млн доза вакцина алды

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) менен кызматташтыктын алкагында майда мүйүздүү малдын кыргын ылаңына (PPR) каршы 1,5 миллион доза вакцина алды. Бул тууралуу Айыл Чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, вакцина партиясын ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдиев тапшырды. Вакцина Танзаниядагы Hester

Ишкер Media
Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды

Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды

17-октябрда Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды. Унаалар Чүй облусундагы саламаттык сактоо уюмдарына берилет. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Жаңы техникалар чакырууларга ыкчам жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана жергиликтүү тургундар үчүн кечиктирилгис медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга өбөлгө түзөт. Министрликтен билдиришкендей, унааларды тапшыруу ата мекендик саламаттык сактоону

Ишкер Media
Жээнбек Кулубаев Самаркандда өтө турган"С5+1" жыйынына катышат

Жээнбек Кулубаев Самаркандда өтө турган"С5+1" жыйынына катышат

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2026-жылдын 19-октябрында Өзбекстандын Самарканд шаарында өтө турган "С5+1" форматындагы министрлер жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, иш-чарага Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери жана АКШнын Мамлекеттик катчысы катышары күтүлүүдө. Жолугушууда аймактык жана эл

Ишкер Media
Бишкекте ак илбирсти сактоого арналган Snow Leopard Run марафону өттү

Бишкекте ак илбирсти сактоого арналган Snow Leopard Run марафону өттү

Бүгүн Бишкекте ак илбирсти жана анын табигый жашоо чөйрөсүн сактоого колдоо көрсөтүүгө багытталган Bishkek Snow Leopard Run 2026 эл аралык чуркоо жарышы өттү. Иш-чарага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген чуркоочулар, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Катышуучулар 5, 14, 21,1 жана 42,2 чакырым аралыкта

Ишкер Media