Ош – Красноярск – Ош авиакаттамдары үзгүлтүксүз аткарыла башталды

Ош – Красноярск – Ош авиакаттамдары үзгүлтүксүз аткарыла башталды

2023-жылдын 22-майынан тарта ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы Ош – Красноярск – Ош багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдарды аткара баштады. Бул тууралуу «МЭА» ААКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, каттамдар Airbus A320 учагы менен жумасына 1 жолу – дүйшөмбү күндөрү аткарылат.

Биринчи авиакаттам менен Красноярскга 177 жүргүнчү учуп кетсе, 168 жүргүнчү Ошко учуп келди. Аталган багыт боюнча үзгүлтүксүз  каттамдарды жумасына 4 жолу башка авиакомпаниялар да аткарып келишет.

Ошондой эле, аталган авиакомпания Бишкек жана Ош шаарларынан төмөнкү багыттар боюнча үзгүлтүксүз жана чартердик каттамдарды аткарат: Москва, Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Сургут, Дели, Лахор, Исламабад, Анталия.

Мындан тышкары окуңуз

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Мамлекеттик бажы кызматы дары-дармек импорттоодо КНС боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныктады. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 1,3 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын импорттоодо кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныкташты. Маалыматка ылайык, "Н.В.С.О." компаниясы салыктан бошотулган

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу ишкананын расмий баракчасына жарыядланды. Маалыматка ылайык, асма аркан инфраструктурасын куруу иштерин асма транспорттук системаларды долбоорлоо жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда. Учурда төмөнкү асма аркан жолдорунун

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол четиндеги бак-дарактарды иретке келтирүү жана бутоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чараны Манас шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы аткарды. Дарактардын куураган жана ашыкча бутактары кыркылып, алардын жакшы өсүшүнө шарт түзүлдү. Мэрия белгилегендей, мындай иш-аракеттер шаардын көчөлөрүнүн көрктүүлүгүн арттырууга, жашыл

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкек мэриясы көп батирлүү үйлөр курулган ижарадагы жер тилкелерин сатып алууда төмөндөтүүчү коэффициенттерди киргизди. Чечим турак жай ээлеринин мүлктүк укуктарын каттоодогу көйгөйлөрдү жоюуга багытталган. Ага ылайык: * 2026-жылдын 31-декабрына чейин жер тилкесин сатып алуу баасы 50%га төмөндөтүлөт (коэффициент – 0,5); * 2027-жылы – 40%га (коэффициент – 0,6); * 2028-