Бишкектин мэриясы «Аламүдүндүн» айланасын ирээтке келтирүү схемасын көрсөттү

Бишкектин мэриясы «Аламүдүндүн» айланасын ирээтке келтирүү схемасын көрсөттү

Бишкек шаарынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тарабынан Аламүдүн базарынын айланасында автоунаалардын кыймылын тартипке келтирүү схемасы иштелип чыкты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Такталгандай, «Аламүдүн» базарынын жанындагы (түштүк тарап) Жибек-Жолу проспектисиндеги аялдама комплексти Буденный көчөсүнөн чыгыш тарапка Жибек-Жолу боюнча автотранспорт каражаттарын токтотууга   тыюу салган жол белгилерин кайра куруу менен Курманжан Датка көчөсүнөн Буденный көчөсүнө чейин көчүрүү пландалууда:

· Курманжан Датка көчөсү боюнча Салиева көчөсүнөн Жибек-Жолуна чейин автотранспорт каражаттарын токтотууга   тыюу салган жол белгилерин орнотуу;

· автотранспорт каражаттарынын чыгыштан батышка жана батыштан чыгышка карай М. Жалил көчөсү боюнча Буденный көчөсүнөн Курманжан Даткага чейинки жол белгилерин кайра куруу менен кыймылын өзгөртүү;

· жол белгилерин өзгөртүп түзүү менен Жибек-Жолу проспектисинин батыш тарабындагы Жибек-Жолуна (түндүк-батыш тарабы) аялдама комплексин көчүрүү;

· Курманжан Датка көчөсүндө Жибек-Жолу проспектисинен Куликовская көчөсүнө чейин (эки тарапка) автотранспорт каражаттарынын токтошуна тыюу салган жол белгилерин орнотуу.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта гектарынан 10 тоннага чейин түшүм берген кара кожогат өстүрүлүүдө

Таласта гектарынан 10 тоннага чейин түшүм берген кара кожогат өстүрүлүүдө

Талас облусунун Манас районунун тургуну Чубак Жолдошбеков 3,6 гектар аянтка эгилген Лохнес сортундагы кара кожогаттын алгачкы түшүмүн жыйноону баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Дыйкан бул сортту былтыр отургузуп, быйыл биринчи жолу түшүм алып жатканын билдирди. Анын айтымында, Лохнес сортундагы кара

Кара-Кулжада жайыт жерди мыйзамсыз бузган жаранга 68 миң сом доо коюлду

Кара-Кулжада жайыт жерди мыйзамсыз бузган жаранга 68 миң сом доо коюлду

Кара-Кулжа районунда жайыт жерди мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталып, мыйзам бузган жаранга айып пул салынып, келтирилген чыгым өндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Гүз айыл аймагынын

Коомдук транспорттун жаңы тарифин 56 миңден ашык адам пайдаланды

Коомдук транспорттун жаңы тарифин 56 миңден ашык адам пайдаланды

Бишкек шаарында муниципалдык коомдук транспортто кайра отуруу тарифи ишке киргизилгенден бери шаар тургундары жол кирени төлөөнүн жаңы системасын жигердүү колдонуп жатышат. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кызмат иштей баштаган алгачкы алты күндүн ичинде кайра отуруу тарифинин алкагында 56 817 акысыз кайра отуруу катталды. Жаңы система боюнча, биринчи

Нарында коомдук транспорттун баасын жогорулатуу сунушталды

Нарында коомдук транспорттун баасын жогорулатуу сунушталды

Нарын шаарында коомдук транспорттун баасын жогорулатуу сунушталууда. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Нарын шаарында коомдук транспортту өнүктүрүү жана заманбап тейлөө шарттарын киргизүү менен колдонуучуларга ыңгайлуу шарт түзүү максатында учурдагы күйүүчү майдын, электр энергиясынын баасы жогорулаган маалда автобус жана электробустардын каттамын туруктуу кармоо, тейлөө кызматынын жеткиликтүулүгүн камсыздоого байланыштуу