Кореялык T'way Air Co. Сеул-Бишкек-Сеул авиакаттамын ачууга даяр

Кореялык T'way Air Co. Сеул-Бишкек-Сеул авиакаттамын ачууга даяр

Кореялык T'way Air Co., Ltd. авиакомпаниясы ушул жылдын 11-июнунда Сеул-Бишкек-Сеул багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдарын ачууну максат кылууда. Бул тууралуу «Манас» аэропорту билдирди.

Маалыматка ылайык, «Манас» эл аралык аэропортунан Түштүк Кореянын борборуна биринчи жолу үзгүлтүксүз каттамдар аткарылат. Сеулга каттамдар жумасына бир жолу аткарылат - учуу дүйшөмбүдө, конуу жекшембиде.

«МЭА» ААК аталган каттам боюнча суроолор болсо, жогоруда аталган авиакомпания менен түз байланышууну сунуштайт.

Мындан тышкары окуңуз

Панфилов райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси коррупцияга айыпталып кармалды

Панфилов райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси коррупцияга айыпталып кармалды

УКМК “КУЭТ” ААКнын Чүй электр тармактары ишканасы тарабынан электр энергиясын эсепке алуу приборлорун айланып өтүү жолу менен улуттук электр тармактарына мыйзамсыз кошуу үчүн жарандардан системалуу түрдө акча талап кылуу боюнча коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 6-июлда Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-

Адылбек Касымалиев “Иннопром” эл аралык көргөзмөсүнө катышты

Адылбек Касымалиев “Иннопром” эл аралык көргөзмөсүнө катышты

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясына болгон жумуш сапарынын алкагында "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барып, көргөзмөнүн пленардык жыйынында "Өнөр жай 360: чек арасыз өндүрүш" деген темада сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев

Кыргызстан менен Катар социалдык долбоорлор боюнча кызматташууну күчөтөт

Кыргызстан менен Катар социалдык долбоорлор боюнча кызматташууну күчөтөт

Күн мурун курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары Болот Чолпонбаев Кыргызстандагы Катар кайрымдуулук уюмунун филиалынын директору Абдельгадир Алимам Альбашеир Мохамед жетектеген делегация менен жолугушту. Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууда социалдык инфраструктура тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, тажрыйба алмашуу жана аймактарда социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Ошондой

УКМКнын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков кармалганы кабарланды

УКМКнын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков кармалганы кабарланды

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков коррупциялык кылмыштарга шектелип кармалганы кабарланды. Бул тууралуу бир катар ЖМКлар өздүк булактарына таянып жазды. Маалыматтарга караганда, кылмыш ишинде атайын кызматтын дагы бир нече мурдагы кызматкери бар. Шадыбеков 2026-жылдын февраль айында УКМК төрагасынын орун басары жана киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору болуп