Жайында салкын, кышында жылуу: Бишкекте коммерциялык банк жаңы аялдаманын курулушун колдоду

Жайында салкын, кышында жылуу: Бишкекте коммерциялык банк жаңы аялдаманын курулушун колдоду

Бишкекте Абдрахманов жана Киев көчөсүнүн кесилишиндеги аялдама демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жаңыланууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Долбоорго ылайык аялдама жабык болот. Анда жайында салкындатуучу, кышында жылуутуучу жабдык орнотулат. Ошондой эле аялдамада  коомдук транспорттун декоративдик маршруту, жарнак  тактасы, маалыматтык LED экраны болот.

Белгилей кетсек,  долбоор Биринчи май райондук администрациясы менен «Бакай Банк» ААК ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашырылууда.

Эске салсак, буга чейин "Бишкекасфальтсервис" муниципиалдык ишканасы тарабынан жол тыгындарын жоюу жана шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн аялдама жылдырылып, тротуар кеңейтилген. Ошондой эле жолго жээк таштар коюлуп, жол асфальтталган.

Мындан тышкары окуңуз

Шакиранын концертине 30 миңге жакын турист келери күтүлүүдө

Шакиранын концертине 30 миңге жакын турист келери күтүлүүдө

Дүйнөлүк ырчы, Шакиранын концертине 60 миңге жакын көрүүчү келери күтүлүп жатат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов билдирди. Анын айтымында, “Бишкек Арена” спорттук иш-чаралар менен катар ири маданий музыкалык жана эл аралык иш-чараларды өткөрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. “Алдыда өтө турган Шакиранын концерти Кыргызстанда

Ишкер Media
Өлкөдө алюминий сыныктарын жана калдыктарын экспорттоого 6 айга тыюу салуу сунушталды

Өлкөдө алюминий сыныктарын жана калдыктарын экспорттоого 6 айга тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанда алюминий сыныктарын жана калдыктарын өлкөдөн сыртка ташып чыгууга алты айга убактылуу тыюу салуу сунушталууда. Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтомунун долбоору бүгүн, коомдук талкууга коюлду. Токтомдун долбоорунун максаты ата мекендик кайра иштетүүчү жана өндүрүштүк ишканаларды керектүү алюминий сырьесу менен камсыз кылуу, колдо болгон өндүрүштүк кубаттуулуктарды толугураак жүктөө үчүн шарттарды түзүү, алюминийдин

Ишкер Media
Өлкөдө жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылды

Өлкөдө жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылды

2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда 93 мыйзамсыз таштанды жайы жоюлду. Учурда республика боюнча 230 таштанды жайы иштеп жатат. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, эң көп жоюу Ысык-Көл облусунда катталды – мурдагы 51 жайдын 35и жабылып, 16 гана калды. Талас облусунда 31 жайдын бирөө жоюлуп, 30 жай калды.

Ишкер Media
Касымалиев гипсокартон импортуна 6 айлык тыюу салды

Касымалиев гипсокартон импортуна 6 айлык тыюу салды

Кыргызстанга гипстен жасалган плита, такта жана панелдерди алып келүүгө убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Документке ылайык, ЕАЭБ ТН ВЭД 6809 11 000 0 кодундагы - кагаз же картон менен гана капталган гипсокартон буюмдарын ташып келүүгө токтом күчүнө киргенден

Ишкер Media