Кыргызстан менен Мальдивдин жарандары визалык талаптардан бошотулду

Кыргызстан менен Мальдивдин жарандары визалык талаптардан бошотулду

Кыргызстан менен Мальдивдин жарандары визалык талаптардан бошотулду. Бул тууралуу  президенттин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, президент Садыр Жапаров «2022-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган министрлер кабинети менен Мальдив Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамына кол койду.

Аталган мыйзамда тараптардын макулдашуусуна ылайык кыргызстандыктар – дипломатиялык, кызматтык, жарандык паспорттордун, ошондой эле КРна кайтып келүү жөнүндө күбөлүктүн ээлери жана Мальдив Республикасынын жарандары тараптардын мамлекеттеринин аймагына кирүү, кетүү, транзиттик жана убактылуу болуу үчүн, эгер ал жакта болуунун ар бир мезгилинин узактыгы алар кирген учурдан тартып 30 күндөн ашпаса,  визалык талаптардан бошотулат.

Мындан тышкары окуңуз

Кадамжайда өнөр жай өндүрүшү 2,5 млрд сомго жетти

Кадамжайда өнөр жай өндүрүшү 2,5 млрд сомго жетти

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын өнүгүү долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Кадамжай районунун акими Болоткан Белек уулу билдиргендей, райондо өнөр жай өндүрүшү 2021-жылы 994,9 млн сом болсо, 2026-жылдын 9 айында 2 млрд 507 млн сомго жеткен. Жыл аягына

Ишкер Media
Чүйдө рейд жыйынтыгында 102 миң сом айып пул салынды

Чүйдө рейд жыйынтыгында 102 миң сом айып пул салынды

Чүй облусунда экологиялык мыйзамдарды бузгандарга 102 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, министрликтин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы ЖКККББ менен биргеликте рейд жүргүзгөн. Жыйынтыгында 9 административдик протокол түзүлгөн. Анын ичинен 7 протокол автоунаалардан чыккан зыяндуу заттардын ченемден ашуусу боюнча түзүлүп, 68 миң сом айып

Ишкер Media
Бекешев: “Яндекстин” ишинин үзгүлтүккө учурашы биздин бир гана платформага көз каранды экенибизди көрсөттү

Бекешев: “Яндекстин” ишинин үзгүлтүккө учурашы биздин бир гана платформага көз каранды экенибизди көрсөттү

“Яндекстин” сервисинин ишинин үзгүлтүккө учурашы Кыргызстандын такси жана жеткирүү кызматтары рыногунун бир чет элдик санариптик платформага көз каранды экенин көрсөттү. Мамлекет өзүнүн чечимдерин өнүктүрүп, бул рынокто атаандаштык үчүн шарттарды түзүшү зарыл. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанга такси жана жеткирүү кызматтарынын иштеши үчүн өзүнүн санариптик

Ишкер Media
Туроператорлорго Шакиранын концертине 5% жеңилдик берилет

Туроператорлорго Шакиранын концертине 5% жеңилдик берилет

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов Шакиранын концертине байланыштуу туристтик операторлор үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, туристтик бизнес өкүлдөрү үчүн концертке билеттерди сатып алууда 5%га чейин жеңилдик каралган. Мындан тышкары, уюштурулган туристтик топторду "Ала-Арча" жаратылыш паркындагы мейманкана комплекстерине жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Ишкер Media