Кыргызстандыктарга Улуу Британия дагы 1 000 квота берди

Кыргызстандыктарга Улуу Британия дагы 1 000 квота берди

Кыргызстандыктар үчүн Улуу Британия дагы 1 000 квота берди. Тиешелүү макулдашууга Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен британиялык Etero операторунун ортосунда онлайн форматында кол коюлду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.

Макулдашуунун алкагында 18-46 жаштагы КРнын жарандары Улуу Британиянын айыл чарба тармагында 6 айга чейинки мөөнөткө ишке орношууга мүмкүнчүлүк алышат. Талаптардын катарына жаш курагынан тышкары орус тилин билүү, физикалык жана психологиялык ден-соолугу чың болуусу кирет.

«Эмгек акы жумуш саатына 10 фунт стерлинг өлчөмүндө белгиленет. Ошол эле учурда кыргызстандыктар визаны (259 фунт стерлинг), авиабилеттерди (баасы өзгөрүп турат) төлөшү керек, жатакананын жана алгачкы 2 жумадагы тамак-аштын акысын кызматкер көтөрөт. Жалпы чыгым 100 миң сомго чейин болушу мүмкүн», - деп министрлик белгиледи.

Улуу Британияга тандоо тууралуу маалымат migrant.kg сайтында жайгаштырылат.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев “Иннопром” эл аралык көргөзмөсүнө катышты

Адылбек Касымалиев “Иннопром” эл аралык көргөзмөсүнө катышты

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясына болгон жумуш сапарынын алкагында "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барып, көргөзмөнүн пленардык жыйынында "Өнөр жай 360: чек арасыз өндүрүш" деген темада сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев

Кыргызстан менен Катар социалдык долбоорлор боюнча кызматташууну күчөтөт

Кыргызстан менен Катар социалдык долбоорлор боюнча кызматташууну күчөтөт

Күн мурун курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары Болот Чолпонбаев Кыргызстандагы Катар кайрымдуулук уюмунун филиалынын директору Абдельгадир Алимам Альбашеир Мохамед жетектеген делегация менен жолугушту. Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууда социалдык инфраструктура тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, тажрыйба алмашуу жана аймактарда социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Ошондой

УКМКнын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков кармалганы кабарланды

УКМКнын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков кармалганы кабарланды

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков коррупциялык кылмыштарга шектелип кармалганы кабарланды. Бул тууралуу бир катар ЖМКлар өздүк булактарына таянып жазды. Маалыматтарга караганда, кылмыш ишинде атайын кызматтын дагы бир нече мурдагы кызматкери бар. Шадыбеков 2026-жылдын февраль айында УКМК төрагасынын орун басары жана киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору болуп

Автобуста жол кирени төлөдүңүзбү? Бишкекте күн сайын рейд жүргүзүлүүдө

Автобуста жол кирени төлөдүңүзбү? Бишкекте күн сайын рейд жүргүзүлүүдө

Бишкекте муниципалдык коомдук транспортто жол кирени төлөө эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө максатында күн сайын, анын ичинде дем алыш күндөрү да рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, рейддердин жүрүшүндө айдоочулар жана жүргүнчүлөр менен жол кирени альтернативдүү төлөө тартиби боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, белгиленген талаптарды сактоо зарылдыгы эскертилүүдө. Эске салсак, 1-