Түптө жергиликтүүлөрдүн күчүү менен оңдоп-түзөөдөн өткөн парк ачылды

Түптө жергиликтүүлөрдүн күчүү менен оңдоп-түзөөдөн өткөн парк ачылды

Түп районунун Түп айылындагы борбордук эс алуучу паркы оңдоп-түзөөдөн өтүп ишке берилди. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү маалымады.

Такталгандай, жергиликтүү тургундар Аркадий Чернов жана Людмила Куценко паркты оңдоп-түзөө иштерин өздөрүнүн мойнуна алышып, өздөрүнүн каражатынын эсебинен балдар күнүнө карата майрамдык маанай тартуулоо менен паркты колдонууга беришти.

Ишкерлер парктын ичинде кылынуучу дагы да иштер бардыгын айтып, жакын арада толугу менен бүтүрүп, жергиликтүүлөргө жакшы шарт түзүлүп берилерин белгилеп өтүштү.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук статистика комитетинде сандар менен мамлекеттик тилдин айкалышы талкууланды

Улуттук статистика комитетинде сандар менен мамлекеттик тилдин айкалышы талкууланды

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын жана Министрлер Кабинетинин мамлекеттик кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоого байланыштуу токтомунун аткарылышына арналган жыйын болду. Жыйынга Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов, Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, ошондой эле

Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын кызматкерлери кармалды

Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын кызматкерлери кармалды

Саламаттыкты сактоо тутумундагы коррупцияга каршы жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, УКМК тарабынан Бишкек шаарынын Свердлов районундагы №2 медикциналык-социалдык эксперттик комиссиясынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иштери аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (Пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлдү.

Сулайман-Тоону калыбына келтирүүгө 12,5 млн доллар жумшалат

Сулайман-Тоону калыбына келтирүүгө 12,5 млн доллар жумшалат

Сулайман-Тоону калыбына келтирүү иштерине Дүйнөлүк банк 12,5 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев 25-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Министрдин айтымында, Дүйнөлүк банк жалпы 16 млн доллар каражат бөлүп жатат. Анын 12,5 млн доллары Сулайман-Тоону калыбына келтирүүгө, ал

Шамалды-Сайда 109 млн сомго стадион оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Шамалды-Сайда 109 млн сомго стадион оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарындагы борбордук стадион 67 жылдан кийин заман талабына ылайык толугу менен жаңыланды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, капиталдык оңдоп-түзөө иштери Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылды. Каржылоо республикалык