Шамалды-Сайда 109 млн сомго стадион оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Шамалды-Сайда 109 млн сомго стадион оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарындагы борбордук стадион 67 жылдан кийин заман талабына ылайык толугу менен жаңыланды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, капиталдык оңдоп-түзөө иштери Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылды. Каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен каралып, жалпы наркы 109 миллион сомду түздү.

Жаңы стадиондо эл аралык стандарттарга жооп берген, аянты 6 661 чарчы метр болгон футбол талаасы, 3 393 чарчы метрди түзгөн жеңил атлетикага арналган чуркоо жолу, 2 400 көрүүчүгө ылайыкталган орундуктар жана административдик корпус курулду.

Оңдоп-түзөө иштери Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлүп, курулуштун ар бир этабы техникалык талаптарга ылайык текшерүүдөн өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, Шамалды-Сай стадиону 1959-жылы курулуп, ушул күнгө чейин бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарында эки айдоочу унаа башкаруу укугунан ажыратылды

Манас шаарында эки айдоочу унаа башкаруу укугунан ажыратылды

Манас шаарында 21-августтан 22-августка караган түнү өткөрүлгөн рейдде жол эрежесин бузган 35 учур катталды. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, алардын ичинен эки айдоочу унааны мас абалында башкарып баратканы аныкталып, 80 миң сомдон айып салынып, эки жылга айдоочулук укугунан ажыратылды. Белгилегендей, мас абалында унаа

Кытайдан келген 3 тонна күрүч чек арадан артка кайтарылды

Кытайдан келген 3 тонна күрүч чек арадан артка кайтарылды

"Торугарт" чек ара фитосанитардык көзөмөл пунктунда Кытайдан импорттолуп келген 3 тонна күрүч текшерилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Фитосанитардык көзөмөл учурунда жүккө тиешелүү фитосанитардык сертификат жок экени аныкталды. Талаптар сакталбагандыгына байланыштуу 3 тонна күрүч Кыргызстандын аймагына киргизилген жок. Жүк кайра

Кызыл-Туу – Манас-Ордо жолун асфальттоо аяктоо алдында

Кызыл-Туу – Манас-Ордо жолун асфальттоо аяктоо алдында

Талас облусундагы Кызыл-Туу – Манас-Ордо автомобиль жолунда асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Момбеков Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында жолдогу курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Учурда жолго асфальт төшөө иштерине 40ка жакын атайын

Аз атаандаштык, даяр суроо-талап: Кыргызстандагы келечектүү 5 бизнес багыт

Аз атаандаштык, даяр суроо-талап: Кыргызстандагы келечектүү 5 бизнес багыт

“Кафе көп, дүкөн толтура, өзгөчө идея жок” деген ойлор жаңы бизнес баштоону каалагандардын көбүн токтотот. Анда Кыргызстанда азыр кайсы кызматтарга суроо-талап өсүп жатат? Жакынкы 3–5 жылда кандай багыттарга көңүл бурса болот? Бул суроолорго жооп алуу үчүн башкаруу боюнча сертификатталган адис, бизнес-консультант, Кыргызстандын экономикасынын отличниги, андрагог Азамат Аттокуров