Улуттук статистика комитетинде сандар менен мамлекеттик тилдин айкалышы талкууланды

Улуттук статистика комитетинде сандар менен мамлекеттик тилдин айкалышы талкууланды

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын жана Министрлер Кабинетинин мамлекеттик кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоого байланыштуу токтомунун аткарылышына арналган жыйын болду.

Жыйынга Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов, Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, ошондой эле мекеменин жетекчилери жана аймактык бөлүмдөрдүн өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Тил комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев мамлекеттик тилди коргоодон мурда аны кеңири колдонуу маанилүү экенин белгилеп, кыргыз тилин расмий иш кагаздарында, статистикалык маалыматтарда жана санариптик платформаларда колдонуу зарылдыгына токтолду.

Мындан тышкары, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган жаңы санариптик продуктылар жана технологиялык чечимдер тааныштырылды. Адистердин айтымында, мындай инструменттер кыргыз тилинин санариптик чөйрөдөгү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Жыйындын жыйынтыгында мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруу боюнча иштерди күчөтүү, тил мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө жана статистикалык органдарда кыргыз тилинин колдонулушун кеңейтүү боюнча биргелешкен чечимдер кабыл алынды.

 

Мындан тышкары окуңуз

Каржы министрлигине аудит: бюджетке кайтарыла элек каражаттар бар

Каржы министрлигине аудит: бюджетке кайтарыла элек каражаттар бар

14-августта Эсептөө палатасы Каржы министрлигине караштуу кызматтар жана мекемелердеги 2025-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча шайкештик аудитин аяктады. Эсептөө палатасынын маалыматына ылайык, аудиттин жыйынтыгында жалпы суммасы 110 млн 181,6 миң сомду түзгөн каржылык мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган. Текшерүүнүн жана көрүлгөн чаралардын натыйжасында калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 26 млн

Манас шаарындагы 375 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Манас шаарындагы 375 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Манас шаарында алты мектеп куруп жатат. Алардын бири 375 орунга ылайыкталган №21 жаңы мектеп. Министрликтин маалыматына ылайык, объект мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда. Курулуш иштери быйыл март айында башталган. Учурда үч кабаттуу мектептин имараты толук тургузулуп, курулуш иштери 85%га аткарылды. Имараттын ички

Көк-Ташта селден жабыркаган үй-бүлөгө 20 миң даана кыш берилди

Көк-Ташта селден жабыркаган үй-бүлөгө 20 миң даана кыш берилди

Көк-Таш айылында селден жабыркаган үй-бүлөгө жардам көрсөтүлүп, турак жайын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик админстрациясынан билидиришти. Маалыматка ылайык, 20-июнда болгон селден улам Айдана Тагаймуратованын үйү жараксыз абалга келген. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасынын негизинде демөөрчүлөр турак жай ээсине 20 миң

Кыргызстанда пиротехника эми атайын дүкөндөрдө гана сатылат

Кыргызстанда пиротехника эми атайын дүкөндөрдө гана сатылат

Кыргызстанда пиротехникалык каражаттарды сатууга жана колдонууга жаңы чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу "Токтом" маалыматтык-укуктук порталында маалымдалат. Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы №534 токтому менен өлкө аймагында жарандык пиротехникалык каражаттардын жүгүртүү эрежелери бекитилди. Документке ылайык, пиротехникалык каражаттардын бардык түрүн сатууга атайын адистештирилген дүкөндөрдө гана уруксат берилет. Мындан тышкары,