Үстөлгө байлап, күнү-түнү иштетиш керек – депутат чек ара жана бажы кызматтарына нааразы

Үстөлгө байлап, күнү-түнү иштетиш керек – депутат чек ара жана бажы кызматтарына нааразы

Чек ара өткөрүү бекеттериндеги адамдардын жана автоунаалардын көптүгүнөн карапайым жарандар гана жабыркап жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, жоопкерчилик Чек ара кызматы менен Бажы кызматынын кызматкерлеринин мойнунда болуш керек.

«Катуу чаралар көрүлмөйүнчө, өткөрүү бекеттеринде бул тыгындар эч качан токтобойт. Эми керектүү иштерди жасап жатабыз деп отурушат. Аларды үстөлгө байлап, ордунан тургузбай күнү-түнү иштетиш керек» - деп депутат сунуштады.

Депутат Жогорку Кеңеште мамлекеттик органдар ар дайым кооз сөздөрдү айтып, бирок иш жүзүндө эч нерсе жасабайт деп эсептейт.

Мындан тышкары окуңуз

Кочкордон 1000 тонна көмүр Бишкек жылуулук электр борборуна жиберилди.

Кочкордон 1000 тонна көмүр Бишкек жылуулук электр борборуна жиберилди.

Кочкор темир жол станциясында биринчи жолу Бишкек жылуулук электр борбору үчүн көмүр жөнөтүлө баштады. Кече Кочкор темир жол бекетинен жүктөлгөн 15 вагондон турган жалпы салмагы 1000 тоннаны түзгөн көмүр Бишкек шаарында жайгашкан Аламүдүн темир жол бекетине келип түшкөн. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, аталган бекетте Бишкек

Ишкер Media
Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media