«Манас» аэропортунда Абу-Дабиден биринчи каттамды суу аркасы менен тосуп алышты
«Манас» эл аралык аэропортунда Абу-Дабиден учкан алгачкы учакты суу аркасы менен салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 1-июнунда, Абу-Даби – Бишкек – Абу-Даби багыты боюнча Wizz Air Abu-Dhabi авиакомпаниясынын биринчи үзгүлтүксүз каттамы учуп келди.
Эми жүргүнчүлөр Бириккен Араб Эмираттарынын борборуна Кыргызстандын борборунан түз уча алышат.
Каттамдын салтанаттуу ачылышында «МЭА» ААКнын аткаруучу директору Мирлан Кубаталиев белгилегендей, эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарынын учуу географиясынын кеңейиши Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулаткан маанилүү окуя болуп саналат.
Wizz Air Abu Dhabi авиакомпаниясы Абу-Даби – Бишкек – Абу-Даби багыты боюнча каттамдарды жумасына 3 жолу – шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү ташыйт. Учуу убактысы 4 саат.