«Бишкекасфальтсервис» 8 чакырым тротуар жана веложол куруп жатат – даректер

«Бишкекасфальтсервис» 8 чакырым тротуар жана веложол куруп жатат – даректер
Photo by vigor poodo / Unsplash

Борбор калаада «Бишкекасфальтсервис» МИ тарабынан 4 көчөдө 8 чакырым тротуар курулууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Сухэ-Батор көчөсүн бойлой Каралаев көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейин (түштүк тарабы) тротуарды капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Учурда жолдун кыртышын даярдоо иштери аяктап, ирригация системасын жана тротуар бордюрларын орнотуу иштери жүрүүдө.

Юнусалиев көчөсүнүн чыгыш тарабындагы Ахунбаев көчөсүнөн Сухэ-Батор көчөсүнө чейинки тротуардын эски асфальты сыйрылып, бордюрлар орнотулууда. Тротуардын узундугу 1600 погондук метрди түзөт.

Садырбаев көчөсүнүн  чыгыш тарабында Семетей көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин узундугу 2800 погондук метрди түзгөн веложолдун жана тротуардын курулушу аяктап жатат. Тротуарлардын кыртышы даярдалды, ирригация системасы жана тротуардын тосмо таштары орнотулду.

Махатма Ганди көчөсүнүн чыгыш тарабында Саадаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин узундугу 3000 метр тротуарды капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media