Баткендин Капчыгай айылында 1.7 км жолго асфальт төшөлдү
Баткен облусунун Капчыгай айылында 1.7 км жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жолдун узундугу 1700 метр, туурасы 6 метрди түзгөн. Анын ичинен:
• К. Ормонов көчөсүнө – 775 м;
• А. Марданаев көчөсүнө – 925 м.
Иштин аткаруучусу «Кыргызавтожол» МИ Баткен филиалынын №2 жол тейлөө ишканасы.