Талас аэропортунда курулуш иштер кызуу жүрүп жатат

Талас аэропортунда курулуш иштер кызуу жүрүп жатат

Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Бактыбек Чойбеков Талас облустук аэропортун реконструкциялоо иштери менен жеринде таанышып келди. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Аэропортту жаңылап, ишке берүү маселеси өткөн жылдын октябрь айында транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин Талас облусуна болгон көчмө жыйынында каралып, комитеттин тийиштүү чечими кабыл алынган.

«Аэропорттун ишке берилиши Талас облусу үчүн стратегиялык мааниге ээ. Биринчиден, аэропорт иштеп калса чет элдик инвесторлорду тартууга жана облустун экономикасын алдыга жылдырууга жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылат. Экинчиден, Талас эли үчүн өлкөнүн башка аймактары менен байланышуу бир топ жеңилдейт», - деп депутат белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.

Бишкек – Ош аба каттамындагы учактын канаты сынып, ичиндегилер чыгарылды

Бишкек – Ош аба каттамындагы учактын канаты сынып, ичиндегилер чыгарылды

"Манас" аба майданында TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасы билдирди. Маалыматка караганда, жүргүнчүлөр социалдык тармактарга жарыялаган сүрөт видеолордон көрүнүп тургандай, учактын канаты сынып, жерге жатып калган. Ичиндегилер атайын жабдуу менен сыртка чыгууда.  Кырсыктан улам оор жаракат алгандар болгон эмес. Бирок, айрымдар