Манас проспектисиндеги жарнамаларды жайгаштыруунун эскизи иштелип чыкты

Манас проспектисиндеги жарнамаларды жайгаштыруунун эскизи иштелип чыкты

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы Манас проспектисиндеги кирүү топторду, жарнамаларды, бастырмаларды алууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы Манас – Ч. Айтматов проспектилеринде жана Ю. Абдрахманов – Б. Баатыр көчөсүндө жайгашкан имараттардын фасадына жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун эскиздик долбоорун иштеп чыкты.

Манас проспектиси боюнча Чүй проспектисинен Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки имараттардын эскизи иштелип чыкты:

· Токтогул көчөсү, 171/1;

· Манас пр., 7,9,10,16,22,22а,26,30,34,38,40,41,41а,47,49,57,59,164;

· Москва көчөсү, 164,165;

· Токтогул көчөсү 171/1.

· Байтик Баатыр көчөсү 13,  35, Ч. Айтматов проспектиси 16.

Белгилей кетсек, зарыл болгон учурда муниципалитет ар бир имаратка жекече долбоорду иштеп чыгууну кароого даяр.

Мындан тышкары окуңуз

Быйыл Кыргызстанда 80 миңден ашык окуучу мектепти аяктайт

Быйыл Кыргызстанда 80 миңден ашык окуучу мектепти аяктайт

Быйыл Кыргызстанда 80 миңден ашуун окуучу мектепти аяктайт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2025-2026-окуу жылында 11-классты 80 миң 829 окуучу аяктаса, 9-классты 135 миң 979 окуучу бүтүрөт. Белгилей кетсек, өлкөнүн бардык мектептеринде акыркы коңгуроо салтанаты 29-майда өтөт.

Жумгал районунун акими болуп Жаныбек Исаков дайындалды

Жумгал районунун акими болуп Жаныбек Исаков дайындалды

Жаныбек Исаков Нарын облусунун Жумгал районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалды. Жаныбек Исаков буга чейин президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, Кадамжай районунун акими болуп иштеген. Эске салсак, Жумгал районун бүгүнкү күнгө чейин Адыбек Набиев жетектеп келген. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды,

Президент көп балалуу энелерди сыйлады

Президент көп балалуу энелерди сыйлады

Президент Садыр Жапаров көп балалуу энелерди “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы менен сыйлады. Президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, Мамлекет башчысы Садыр Жапаров көп балалуу энелерди мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо тууралуу жарлыктарга кол койду. Жети жана андан көп баланы төрөгөн жана татыктуу тарбиялаган энелер “Баатыр эне” ордени

Аламүдүндө Р-7 каналынын 1,5 чакырымы бетон менен капталды

Аламүдүндө Р-7 каналынын 1,5 чакырымы бетон менен капталды

Аламүдүн районундагы Р-7 каналына бетон полотно төшөө иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, каналдын 1,5 чакырым аралыгына бетон полотно төшөлүп, жалпы аянты 13 675 чарчы метрди түздү. Натыйжада учурда канал аркылуу 2 700 гектар айыл чарба