Жумгал районунун акими болуп Жаныбек Исаков дайындалды
Жаныбек Исаков Нарын облусунун Жумгал районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалды.
Жаныбек Исаков буга чейин президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, Кадамжай районунун акими болуп иштеген.
Эске салсак, Жумгал районун бүгүнкү күнгө чейин Адыбек Набиев жетектеп келген.